Суперстан: "Жашоо агымдары" - Суперстан
Мына быйыл дагы бир жаз келди. Быйылкы жаз былтыркыдай шаңдуу болбой, мага азап менен тозокту алып келгенсиди. Убакыт өтсө унутуп калам го деп жүргөн жаным, убакыт өткөн сайын мурдагыдан да көп азап чегип жүрөм.
Өткөн жылы кышында автобустун арткы орундугунда чарчагансып отурган сени көрдүм. Кишилердин жанынан кысылып өттүм дагы, сага жеттим.
– Чарчап калыпсыз го, кайда бара жатасыз?
– Кайдан билдиңиз чарчаганымды, көзүңүз ачыкпы?
– Ошондоюм дагы бар.
– Дагы эмнени көрүп турасыз?
– Дагы көп эле нерселерди көрүп жатам.
– Жакшы талантыңыз бар экен,- деп мени карадың, ананэкөөбүз тең күлүп жибердик.
– Менин түшө турган жерим жакын калган турбайбы,- деп ордуңдан туруп даярдандың да, кетип бара жатып кол булгалап койдуң. Эртеси да сабактан чыгып келе жатып сени көрдүм, менин колумда "Манас" эпосунун жаңы басылган китеби бар эле. Сен китепти көрдүң да:
– Эмне, эпосту окуганы алдыңызбы?
– Китеп текчеге койгону алдым, мектепте жүргөндө окуганмын.
– Жакшы, мен китеп окугандарды, китеп сактагандарды аябай сыйлайм.
– Жакшы го, мени да сыйлачы.
– Сыйлап жатам го.
– Кантип сыйлап жатасың?
– Сүйлөшүп,- дедиң сен, тамашалуу сөздөрүң ошондо мени кантип арбап алганын билбей калдым. Ошентип сенин жогорку окуу жайында окуп жатканыңды, келечекте журналист болоруңду да билдим. Күндө ушул автобустан сени менен жолугам, анан эле сүйлөшө кетебиз. Сүйлөшүп жатып эле кайсы бир күлкүлүү сөздү айтасың да, экөөбүз тең каткырып калабыз. Бир күнү келе жатып:
– Айтмакчы, атың ким?
– Мен да ошону сурайын дедим эле, Арууке.
– Кемел,- дедим колумду сунуп.
– Карыганда араң таанышпадыкпы, - дедиң күлүп. Ошол күнү экөөбүз көпкө чейин шаарды айланып жүрдүк. Сен ыр жазган сезимтал кыз экенсиң, колуңдан кармап алайын десем, макул болбодуң. Окуган китептериң, көргөн кинолоруңдун баарына анализ бере берчүсүң. Бир жолу "Чыңгыз атабыздын "Жамийла" чыгармасын мен мындай деп ойлойм, атабыздын оюнда Жамийла Данияр менен качып кетти, туура жыйынтык чыгарган. Мен да чыгарманын ошондой бүткөнүнө ыраазымын" дедиң.
– Чындап эле ошондой болгон.
– Жок жазуучунун оюнда ошондой болгон.
– Мм,- ойлонуп калдым, көрсө, мен чыгармаларды жазылганындай эле кабыл ала берет экенмин. Жаныбыздан өтүп бара жаткан келиндин баласы жыгылып кетти, апасынан мурда сен чуркап бардың да, баланы тургузуп, кийиминин чаңын кагып, "айланып кетейин, ий, катуу тийип калдыңбы? Кой эми ыйлаба, күчүгүм" деп сооротуп жатканыңды көргөн апасы кошо жалынып жатты баласына. "Рахмат, өмүрлүү бол, сиңдим!"- деп бизден узай берди. Ошондо билдим сенин баланы жакшы көрөрүңдү. Бул менин жаралуу жериме катуу батты, себеби менин эч качан балалуу болбосумду дарыгерлер эки жыл мурда айтышкан. Ошондуктан окуумду бактылуу токтоттум да, Орусияга келе бердим.
Сен гана бактылуу болсоң болду, кара көзүм, сени эч качан унутпайм. "Жок дегенде коштошуп кетпеди" деп ойлоп жаткандырсың, кара көзүм, мага ушундайы туура болду, эшикте тынымсыз жааган жамгыр мага окшоп кайгылуу көктөмдү тосуп жатты… (3-май, 2013-жыл, саат 00:01)
Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 20 Сентябрь 2013 - 15:30
#18 Mondur 12 Август 2013 - 16:22- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 2 244
- Катталган: 19 Январь 12
- Соңку аракети: 02 Мар 2020 12:26
- Жынысы: Аялзаты
- Калаасы: Жалган дүйнө.
Gupa (12 Август 2013 - 15:50) жазган:
Көктөм
[size="4" ]< span style="font-size: 15px;">Мына быйыл дагы бир жаз келди. Быйылкы жаз былтыркыдай шаңдуу болбой, мага азап менен тозокту алып келгенсиди. Убакыт өтсө унутуп калам го деп жүргөн жаным, убакыт өткөн сайын мурдагыдан да көп азап чегип жүрөм.

< span style="font-size: 15px;">Өткөн жылы кышында автобустун арткы орундугунда чарчагансып отурган сени көрдүм. Кишилердин жанынан кысылып өттүм дагы, сага жеттим.

< span style="font-size: 15px;">– Чарчап калыпсыз го, кайда бара жатасыз?

< span style="font-size: 15px;">– Кайдан билдиңиз чарчаганымды, көзүңүз ачыкпы?

< span style="font-size: 15px;">– Ошондоюм дагы бар.< /span>
< br>– Дагы эмнени көрүп турасыз?

< span style="font-size: 15px;">– Дагы көп эле нерселерди көрүп жатам.

– Жакшы талантыңыз бар экен,- деп мени карадың, ананэкөөбүз тең күлүп жибердик.< /span>
< br>– Менин түшө турган жерим жакын калган турбайбы,- деп ордуңдан туруп даярдандың да, кетип бара жатып кол булгалап койдуң. Эртеси да сабактан чыгып келе жатып сени көрдүм, менин колумда "Манас" эпосунун жаңы басылган китеби бар эле. Сен китепти көрдүң да:

– Эмне, эпосту окуганы алдыңызбы?& nbsp;< /span>
< br>– Китеп текчеге койгону алдым, мектепте жүргөндө окуганмын.& nbsp;< /span>
< br>– Жакшы, мен китеп окугандарды, китеп сактагандарды аябай сыйлайм.

< span style="font-size: 15px;">– Жакшы го, мени да сыйлачы. & nbsp;< /span>
< br>– Сыйлап жатам го.< /span>
< br>– Кантип сыйлап жатасың?

< span style="font-size: 15px;">– Сүйлөшүп,- дедиң сен, тамашалуу сөздөрүң ошондо мени кантип арбап алганын билбей калдым. Ошентип сенин жогорку окуу жайында окуп жатканыңды, келечекте журналист болоруңду да билдим. Күндө ушул автобустан сени менен жолугам, анан эле сүйлөшө кетебиз. Сүйлөшүп жатып эле кайсы бир күлкүлүү сөздү айтасың да, экөөбүз тең каткырып калабыз. Бир күнү келе жатып:

– Айтмакчы, атың ким?< /span>
< br>– Мен да ошону сурайын дедим эле, Арууке.

< span style="font-size: 15px;">– Кемел,- дедим колумду сунуп.

– Карыганда араң таанышпадыкпы, - дедиң күлүп. Ошол күнү экөөбүз көпкө чейин шаарды айланып жүрдүк. Сен ыр жазган сезимтал кыз экенсиң, колуңдан кармап алайын десем, макул болбодуң. Окуган китептериң, көргөн кинолоруңдун баарына анализ бере берчүсүң. Бир жолу "Чыңгыз атабыздын "Жамийла" чыгармасын мен мындай деп ойлойм, атабыздын оюнда Жамийла Данияр менен качып кетти, туура жыйынтык чыгарган. Мен да чыгарманын ошондой бүткөнүнө ыраазымын" дедиң.

< span style="font-size: 15px;">– Чындап эле ошондой болгон.

< span style="font-size: 15px;">– Жок жазуучунун оюнда ошондой болгон.

< span style="font-size: 15px;">– Мм,- ойлонуп калдым, көрсө, мен чыгармаларды жазылганындай эле кабыл ала берет экенмин. Жаныбыздан өтүп бара жаткан келиндин баласы жыгылып кетти, апасынан мурда сен чуркап бардың да, баланы тургузуп, кийиминин чаңын кагып, "айланып кетейин, ий, катуу тийип калдыңбы? Кой эми ыйлаба, күчүгүм" деп сооротуп жатканыңды көргөн апасы кошо жалынып жатты баласына. "Рахмат, өмүрлүү бол, сиңдим!" - деп бизден узай берди. Ошондо билдим сенин баланы жакшы көрөрүңдү. Бул менин жаралуу жериме катуу батты, себеби менин эч качан балалуу болбосумду дарыгерлер эки жыл мурда айтышкан. Ошондуктан окуумду бактылуу токтоттум да, Орусияга келе бердим.

< /span>< span style="font-size: 17px;">Сен гана бактылуу болсоң болду, кара көзүм, сени эч качан унутпайм. "Жок дегенде коштошуп кетпеди" деп ойлоп жаткандырсың, кара көзүм, мага ушундайы туура болду, эшикте тынымсыз жааган жамгыр мага окшоп кайгылуу көктөмдү тосуп жатты…  (3-май, 2013-жыл, саат 00:01)
[b] Автордун ушул чыгармасы өзгөчө жагат. Сага ийгилик тилейм.
Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 20 Сентябрь 2013 - 15:48
#19 kristall 15 Август 2013 - 17:10- Момун
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 21
- Катталган: 12 Июнь 12
- Соңку аракети: 27 Окт 2021 06:50
- Жынысы: Аялзаты
- Калаасы: Бишкек
- Тайпасы: Жаран
- Билдирүүсү: 1 087
- Катталган: 10 Ноябрь 12
- Соңку аракети: Кечээ, 18:21
- Жынысы: Аялзаты
- Калаасы: БИШКЕК - Ош
Нурислам: Жаңы чыгармам сиздер үчүн. Бул чыгарманы жазышыма чыныгы жашоодогу Ажар аттуу айым себепчи. Метродо бара жатып өксүп-өксүп ыйлаган айымды көрдүм. Ал квартира издеп жүрүптүр. Мен ага батир табышканча, анын турмушунун баянын угуп, эргүү келип, ак баракка түшүргүм келди. Кийин үй-бүлөнүн падышасы боло турган жигиттер, ушул чыгарманы окуп, өзүндөгү кемчиликти таап, келечекке өздөрүн тарбиялашса кубанат элем.
«Тур анан муш. »
Күндөгүдөй эле бүгүн дагы биздин үйдөн кыйкырык-бакырык чыгып, элдин баарынын тынчын алдык. Азаттын ичип келгенин үйдөгү жумуштарга алаксып жатып байкабай калыпмын. Качан гана колумдан кармаганда чочуп кеттим, демейде өтө сак турчу элем. Дайымкысындай айкырып келип колумду кармаган боюнча басып жыгылды, балдарым чыркырап ыйлап жатканда, "мен эмне болсом болоюн,ушулар бир нерсе болуп кетпесе экен" деген ойдо "Качкыла! Мен эч нерсе болбойм! Энеңди чакыр!" деп кыйкырдым. Бир маалда көзүмдү араң ачып карасам, кайненем жанымда отурган экен, кемшиңдеп ыйлап жиберди. – Мен өлөйүн, эки күндөн бери көзүңдү ачпадың, тиги Кудай тапкырдын кылган кылыгынан жададым. Эмнеден жаздым экен, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокуттурбай багып чоңойттум эле. Бактыма сендей келинди жолуктурду Кудайым, бир эмес, үч уулду төрөп бердиң, сенде айып жок, кагылайын, айыптын баары баламда,- деп өксүп ыйлап бут жагыма жыгылды. Кайненеме кошулуп мен да ыйладым, экөөбүз тең тирүүнүн шордуусу болуп ыйладык. Азыр тынч заман, өтө жакшы болбосо да, эл сыяктуу орто жашап жатабыз. Балдарыбыз билинбей чоңоюп жатат, дагы эмне керек бизге? Качан болсо Азаттын мас болуп келгени өттү, соолукканда ыйлап-сыктап кечирим сурайт. Канча жолу кечирдим, канча жолу убада берди, кайра эле ичип алат. Ичип келип жатып алса да бир жөн, таң атканча жаңжал салат. Ошондо кайненем байкуш буту күйгөн тооктой болуп чырылдап ортого түшө калып, мени калкалаштын аракетинде болот. Ушул кичинекей кара кемпирге боорум ооруп канча жолу кетип жаткан жеримден токтодум. Айтымында, кайнатам раматылык ичип жүрүп, акыры ичкилик түбүнө жеткен экен. – Атасындай болбой, акылдуу, билимдүү болсун деп институтка окутканмын, анда Ошто бир эле окуу жайы бар болчу, совхоздун ишинде иштеп, тапкан акчамды Азатка деп сактап, Азат үчүн жашачумун. Атасынан көргөн күнүм бул болду, эми Азатым жакшы болсо экен деген тилегим ушундай болду,- деп ыйлайт. Анда менин экинчи курста окуган кезим, окуу жайдын жалпы чогулушунда отурганбыз. Бир жигит чыгып быйылкы окуу жайдын жетишкендиктерин жана кемчиликтерин айтып отчёт бере баштады, жанымда отурган Сагыйпа – Гүлай, карасаң, IV курста окуган Азат деген жигит ушул. Жакында студенттерди жетектеп студенттик жайкы жумуштарды аткарып, Нарындан келишти, ал жакта совхоздун малдарына сарай курушуптур. Иштегендерине акча алып, анан сыйланып да келишиптир. Анын баарын уюштуруп, жетектеп жүргөн ушул Азат экен,- деди. Мен да көңүл буруп карап койдум. Студенттик күндөр биринен сала бири өтүп жатты. Кышкы сессия кантип келгенин да байкабай калдым. Азыр ойлосом, СССРдин да көп жакшы жактары бар экен. Акча берүү, контракт төлөө деген нерсе жок эле. Кийин Азатты адабият кружогунан көрдүм, ошондо өзүнүн ырларын окуп, ага студенттер менен агай талдоо жүргүзүп жатты. – Мына, көрдүңбү, адабиятты мыкты өздөштүргөн, жазган ырларын карачы, келечекте мындан мыкты акын чыгат. – Сагыйпа, бирөөнүн үстүнөн тон быча бергениңди токтотчу, ушундайың мага жакпайт. – Эми сүйлөгөнгө да болбойбу? – Болот, дайым ушуну эле айта бересиң, эгер жактырып калсаң аракеткылып көр. Сагыйпа кызарып кетти, уурулугун карматып койгонсуп унчукпады. Китепканадан шашып келе жатып эмнегедир артымда бирөө келе жаткандай болгонунан артымды карайын десем колумдан кармап калды. – Саламатсыңбы, сулуу? Окуулар жакшыбы? – Ооба, жакшы, сиз мени кайдан тааныйсыз? – Сендей сулууну тааныбаса күнөө болот, Азат,- деп колун сунду. – Атымды да билерсиз? – Ооба, Гүлай,- деп өзү айтты. – Көп китеп окуйт окшойсуң. – Сизге жетпейт. Ошол күндөн баштап күндө жолугушчу болдук. Сүйүүнүн арты өкүнүч, кайгы менен бүтөрүн билгенде мындай күндөрдү өткөрбөс элем. Студенттик күндөр куштай сызып жатты. Бирге окуган классташым "Мен армиядан бара жатам, тосуп алчы. Силерди, жеримди аябай сагындым, биринчи Сагыйпа экөөңө жолуккум келип жатат" деп кат жазыптыр. Сагыйпа экөөбүз гүл алып тосуп чыктык. Руслан мурдагыдай болбой, керилген жигит болуптур. Кереметтүү Ошту айланып жүрөбүз. "Германияда өткөргөн күндөрүм миң жылдай болду, силерди аябай сагындым" деп экөөбүздүн ортобузга түшүп алып, колтуктап көңүлү шат баратат. Бурулуштан кайрыла бергенде алдыбыздан Азат чыгып калды. – Гүлай, келсең бери… – Жигитиң келген экен да, куттуктайм, жакшы, эми мен бош экенмин да. – Эмне деп жатасың? Айтпадымбы классташым келди деп! – Классташтарың көппү? – Эмне болуп калгансың? – Тим эле эркелейт го, кадыры катуу өткөн экен, болуптур, бактылуу бол!- деп басып кетти. Азаттын ушунчалык кызганчаак экенин билген эмес элем. Азаттын мени чындап сүйөрүнө көзүм жетти. Бир күн келип калар деп күттүм. Азаттан дайын жок, ансайын эмне кыларымды билбей санаа тарта баштадым. Мурда телегейим тегиз жүргөн жаным жалгызсырай түштүм "чындап келбей коёбу?" деген ой жүрөгүмдү эзет. Кыялымда өзүм барып жолугуп, "мен сени гана сүйөм, эмнеге ишенбейсиң? Сенсиз жашоо жок, караңгы, дүйнөдөгү эң кымбат адамым сенсиң" дегим келет, ага намысым жол бербейт. Бир күнү кыжалат болуп отургам. Сыртта тааныш үн угулду, Азат үнүн жазбай тааныдым. Карасам, кызылдай мас, анын мас болгонун көргөн эмесмин. Мени көрүп "ии, өзүң келет экенсиң, өзүңдү башкара албасаң эмнеге таарынасың? Абалың ушул экен го" деп мени шылдыңдап жатасыңбы? Мен ошондой адаммын! Сулуулугуңа чиренип жатасыңбы, сенден да сулуулар толтура, билем… Сүйүүнүн бар экенине эми ишендим. Ошондуктан сенин алдыңда кор болуп турам, жүрөгүмдөн сени сууруп ташташ колумдан келбей жатат. Мени каалашыңча шылдыңда же өткөнкү жигитиңди чакыр, экөөбүз бир мушташалы" деп ар нерсени айтып жатты. "Азат, андай эмес, сенин келгениңе жетине албай жатам. Мен да сенсиз жашай албайм, келишиңди күткөнмүн, мына келдиң!" деп ыйлап жибердим. Менин сөздөрүмдү угуп Азат соолуга түштү. Ал күнү биз бак аралап жүрүп таң атырдык. Кыйналганыбызды бири-бирибизге айтып экөөбүз тең ыйладык. Эч качан бөлүнбөскө, бизди өлүм гана бөлүшүн айтып антташтык.
Ошентип, Азат окуусун бүтүп, айылына иштегени кетти. Мен да окуумду сырттан окуу бөлүмүнө котордум, көп өтпөй баш коштук. Барганда эле мага жакканы, кайненем болду, экөөбүз эне-баладай сүйлөшөбүз. "Бактым тоодой экен" деп сүйүнөм. Сүйгөнүнө жетпей ала качып кеткен кыздарга боорум ооруйт. "Эмне үчүн жигиттердин баары Азаттай туруктуу болбойт? Ала качкандан уялышпайт, ошентип кантип жашоо болсун…" дейм өзүмчө. Азат мектепке кирип иштеп жатты, жакшы иштегендиктен тез эле оозго алынып, эл арасында "мыкты адис экен, балдарыбызга көп нерсени үйрөтүп жатат" деген сөздөр айтылып, мен да ичимден ыраазы болуп жүрдүм. Мен иштебей үйдө отуруп калдым. Окуумду болсо Азаттын жардамы менен бүтүрдүм. Уулдуу болуп, көп өтпөй дагы кош бойлуу болдум. Азат кесиптештеринин колдоосу менен завуч болду. Иши көп болгондуктан эрте кетип, кеч келет. Бизди кара балекет кийин басты, мен да мектепте иштеп, уч уулдуу болуп, тааныш-тамырларыбыз көбөйүп, очор-бачар болуп калган элек. Азат өзүнүн бирге окуган классташтары менен эки күндүн биринде чайканада аш жешет, келгенде кызуу болуп келет. Мурда анча көңүл бурган эмесмин, кийин "абайласаңчы, ичпей эле кой, эл эмне дейт?" десем "коркпо, кандай жүрүштү өзүм да билем, досторду таштап текеберленсем да болчудай эмес" деп койду. Акырындап мектепке да ичип барчу болду, мен анда эмне кыларымды билбей, отурган мугалимдерден көзүмдү ала качам. Бир күнү үйгө барып үй оокаттарын кылып күйпөлөктөп жүрсөм кайненем: – Эми эмне кылабыз, балам? Мунун ичкени күндөн-күнгө көбөйүп кетти, мен арактын дарысы жогун билем, кайнатаңдан чоң так калган",- деп ыйлап жиберди. Ошондон кийин катуу кооптонуп калдым. Азат күндөгүсүнөн да катуу мас болуп келип, мага асылмай адат таап алды. Тилимди тишиме басып, эптеп жашоо өткөрүп калдым. Келсе эле мага кол көтөрөт, кайненем чырылдап ортого түшө калат. Кээде мени уруп жатып «кой-ай» деген кайненеме да колу тиет. "Азат ушундай адам беле? Буга эмне болду? Кандай айла кылам?" деп башым катат. Ошентип жүрүп Азат иштен айдалып көчөдө арак уулап басып калды. Кайненем Азатты көргөндө "эмне болдуң, балам? Карыганда мага көрсөтөр күнүң ушул беле? Бир айлаңды таппадым го, арак чыгаргандардын үйү өрттөнсүн, жакшылык көрбөсүн" деп каргайт. "Буга арак чыгаргандар күнөөлүү эмес, арак ичкендер күнөөлүү да. Алар эч кимди арак ичкенге мажбур кылбайт, өздөрү ичет. Жарыктык, эгер арак чыгарбай койсо, элдер самогон тартып ичишип, канча киши бейажал кетет, апа, антип айтып күнөөгө батпаңыз" дейм. Күндө кайгы тарта берип, «Азат ичпесе экен» деп Кудайдан сурай берип, арыктап, соолуп баратканыма ичим ачышат, күзгүдөн көрүп өзүмдү тааныбай калам. Ушинтип жүрүп уулдарым да, өзүм да жок болуп кетпеш үчүн бир айла табышым керек эле. Аны кайненеме айтышым кыйын болду. Акыры айттым. – Апа, сиз мага өз апамдан да жакынсыз, мен эми бул жерге тура албайм. Азаттын жүрүшү бул, Азат деп жүрүп балдарымды да жолдон чыгарып, алардын келечегине балта чаап албайын. Мындан ары балдарым үчүн жашашым керек, эми ушуларга тарбия берейин. Эки жолу дарыланганда эми ичпей калса керек дедим эле, андан да катуу ичип кетти. Мени көрсө жин көргөндөй болот, мунун баласы да, энеси да, аялы да арак болуп калды. Мен сизди таштап кете албайм, апа, биз менен, неберелериңиз менен кетиңиз, болбосо баарыбыз жок болобуз,- дедим.
– Алда айланып кетейин каралдым, ай, муну мен алда качан ойлонгонмун, өзүм айткандан тартынып жүргөм. Туура айтасың, балам, балдарды сакташ керек. Бишкекке барсаң ошол жакта чоң-чоң мечиттер бар. Ошол жерде балдарды Кудайдын жолуна тарбиялайт экен, намаз окуп ыймандуу балдар болуп өссүн. Булар арактан алыс болсун, Кудайдан күнү-түнү ушуну сурайм. Мени жөн кой, балам, мен энелердин бир бактысыз шордуусу экенмин, менин тагдырым жыландын баласына да түшпөсүн, сени менен кете албайм, ичтен чыккан ийри жылан тигини таштап кантип кетем. "- деди. Эртеси балдарым менен жөнөп кеттим. Азат болсо биздин кеткенибизди да билген жок. – Кош болуңуз, менин эң жакын, ыйык адамым, менин кеңешчим, айттырбай сезген акылманым,- деп ыйлап жаттым. – Кош бол, кагылайын каралдым, уулумду алда качан жоготконмун, сен аман бол эми, дүйнөдө сенин, неберелеримдин бар экенине каниет кылып жашайм,- деп өксүп-өксүп калды.