. ИЗИЛДƟƟЛƟР ИЛГЕРТЕН БОЛУП КЕЛГЕН
ИЗИЛДƟƟЛƟР ИЛГЕРТЕН БОЛУП КЕЛГЕН

ИЗИЛДƟƟЛƟР ИЛГЕРТЕН БОЛУП КЕЛГЕН

Пентагондун кɵзɵмɵлдʏгʏ астында душманга экстрасенсордук таасир кɵрсɵтʏʏ боюнча «Жылдыздуу дарбаза» деген аталыштагы программа олуттуу эле мааниде изилдɵɵлɵрʏн баштагандыгы маалым. Программанын алкагында ЦРУ(Борбордук чалгындоо башкармасы) жана америкалык аскер кызматкерлери солдаттарга ички ойдун кʏчʏ менен «мамилелешʏʏнʏ» «баарлашууну» жана душманды ага белгилʏʏ бир ой-туюмду «купуя кийирʏʏнʏн», алыстан, б.а. «аралыктан кɵрʏʏ» кудурети менен жеңʏʏнʏ окутушат. Мындан бир аз мурдараак мындай сʏйлɵм «саргыч прессанын» ɵзʏнчɵ эле бир шок макаласынын аталышы болуп бермек, бирок азыр факт кɵзгɵ кɵрʏнʏп турат.

АКШнын Юта штатында ЦРУнун экс-кызматкери Пол Смит атайын мектеп ачып, каалоочулардын баарын аралыктан( алыспы-жакынбы, коңшу бɵлмɵбʏ же миң чакырым алыстыктабы, баары бир) кɵрʏп жана чагылдыра билʏʏгɵ ʏйрɵтʏʏдɵ. Смит мындай жɵндɵмдɵргɵ жогоруда белгиленип ɵткɵн «Жылдыздуу дарбаза» программасынан сабак алуу аркылуу ʏйрɵнгɵн экен. Араб тилинен котормочу катары ал аскердик кызматка жаңы эле кабыл алынганда анча-мынча жɵндɵмдɵрʏн байкаган шеф- устаттар аны бирде орус ракеталарын, бирде Пекиндеги чиновниктердин столундагы документтерди, бирде баңгизат соодагерлеринин базаларын аралыктан «кɵрʏп-аңдап» айтып бер деп сыноодон ɵткɵрʏп, кыйлага дейре ары-бери тʏйшɵлтʏшʏптʏр.

Смиттин сабактары болжолдуу алганда мындай формада ɵтɵт: ал кайсыл бир цифраны айтат, окуучу ой-дитин бир жерге топтоп, башкача айтканда, сʏкʏткɵ тʏшʏʏ менен ал цифраны «кɵрɵ» баштайт. Кɵрʏʏгɵ мʏмкʏн болбогон нерсени кɵрɵ баштайт. «Бул кантип ушундай болуп калат, эч ким билбейт» дейт Смит.

Аралыктан «сʏйлɵшʏʏ», аралыктан «кɵрʏʏ» - буларды телепатиялык жɵндɵмдɵр деп коюшат. Мындай жɵндɵмдɵрдʏн табияты, реалдуулуктары жагдайындагы талаш-тартыштар тээ байыркы доордон башталып, ушул кʏнгɵ чейин уланып келе жатат.

Согуш бул – чындыгында белгисиздик жана тобокелчилик. Генералдар ошондуктанбы, айтор, ийгиликти камсыз кылуу ʏчʏн магия жана паронормалдыктарды тартуудан качышкан эмес.

Байыркы дʏйнɵдɵ эле согуштун алдынан полководецтер магия жана тɵлгɵнʏ колдонушкан. Мисалы, Римде таанымал жрецтер- авгурлар жана гаруспиктер кɵргɵн тʏштɵрдʏ жана канаттуулардын кандай учкандарын аңдап-байкап, тʏрдʏʏчɵ жоруу аркылуу согушту баштоо же кое туруу сунуштарын кийиришкени тарыхтан белгилʏʏ.

Дин пайда болгондон кийин тɵлгɵлɵр сыйынуулар жана кɵзʏ ачыктыктар менен алмашылган. Он сегизинчи кылымда (жаңы тарыхтын башталышында деп коелу) скептицизм доору ɵкʏм сʏрʏп, полководецтер «илимге» таянып иш тута башташкан. Алсак, белгилʏʏ маг Филипп Дьоленье Ноэль Оливатиус Наполеон Бонопарттын келечеги жагдайында экстрасенсордук кол жазма тʏзʏп, аны монархка токтоосуз беришкен экен. Кол жазмада маг Наполеонду Россияга каршы согушка барбоону тырышчаактык менен ɵтʏнгɵн. Бирок, Наполеон Россия менен согушуп, анын Улуу армиясын ɵзʏ менен кошо кандай кайгылуу тагдыр кʏткɵнʏ баарына маалым.

Россияда православиелик салт кʏчтʏʏ болгондуктан, магия анча деле тамырлай албаган. Бирок,Николай экинчи Григорий Распутиндин олуялыктарынан кийин экстрасенсттер жандана башташкан.Экстрасенсорикага ал турсун атактуу орус химиги Александр Бутлеров, жазуучу Аксаковдун ʏй-бʏлɵсʏ тартылганы жазылып калган.

Анан революция болуп кетип, дин жок болду, Советтик бийлик кырына чыккыча туш тарапты мистика каптады: совет бийлиги бийликти сактап калуу аракеттеринин бири катары ВЧКнын (Бʏткʏл россиялык атайын комитет) курамында кɵзʏ ачыктыктын жана телекинездин сырларын пайдаланууга байланышкан бɵлʏмдʏ тʏзгɵн. Кызыгы, илимде да ошол кезде таң калычтуу нерселер пайда болгон. Мисалы, Константин Циолковский "келечекте адамдар эфирдик денеге айланып, дʏйнɵ жʏзʏн заматта саякаттап коюуга мʏмкʏнчʏлʏк алышат" деген ойду айтса, Владимир Вернадский бардык ойлор жана билимдер камтылган ноосфера идеясын сунуш кылат. Александр Чижевский Кʏндʏн адамга тийгизген «табияттан сырткы» таасирлерин» ойлоп табат. Кыскасы, баары болушу мʏмкʏн да, а эмнеге телекинезге мʏмкʏн эмес?

«КЫЗЫЛ ШАМАНДАР»

1921-жылдан тартып Феликс Дзержинский жашыруун лабораториянын ишине кураторлук кылып, лабораторияны Глеб Бокий жетектеген. Расмий аталышында лаборатория дешифровка менен алектенген. Бирок, анын айланасында жɵнɵкɵй эмес адамдардын айланып жʏрʏшʏ кооптоно турган нерсе эле. Алсак, Крымдын ʏңкʏрлɵрʏндɵ мистикалык тажрыйба топтогон Александр Барченко кийинчерээк «Кɵлɵмдʏʏ энерготалаасынын эксперименталдык таасирлеринин методикасына киришʏʏ» деген аталышта китеп жазган. Китеп бардык нускасы менен 1939-жылы жылы жок кылынган. Дешифровка магдардын кɵңʏлʏн ɵзʏнɵ буруп, бардык иш кандайдыр бир «караңгы бɵлмɵдɵ» ɵткɵрʏлгɵн. Тибетке барып, Шамбаланы издɵɵ чечимине келишкен. Бирок, иш ʏзгʏлтʏккɵ учурап, баарын байлап кетишкен. «Кызыл шамандар лениндик курстан кɵңʏл калды болуп, масондук типтеги жашыруун коом –«Бирдиктʏʏ эмгек боордоштугун» тʏзʏшкɵн. Бокий 1937-жылы атылып, айрым документтер ʏчʏнчʏ рейхтин кызматындагы мистикалык жана жарым-жартылай мифологиялык «Аненербе» уюмунун колунга тʏшʏп калган» деген болжол бар. Кыскасы, Шамбаланы издɵɵ ишин«Аненербе» уланткан.

Жалпысынан, баштапкы жылдардагы советтик изилдɵɵлɵрдʏн тарыхы караңгы же кʏңʏрт мʏнɵздɵ. Соловецкиде башка ɵлчɵмдɵгʏ дʏйнɵгɵ –Гипербореяга кирип кетʏʏчʏ лаборатория ачылып, ал Сталинге кɵптɵгɵн саясий атаандаштарын жеңʏʏдɵ жардам бергендиги айтылат. Революциянын жетекчилеринин ɵлбɵстʏк чараларын изилдеген, кийин идеалдуу солдатты – Кар кишини тʏзгɵн( солдат сыягы тайгага качып кетсе керек) кан Институтунун, ошондой эле мээ Институтунун айланасында да кɵптɵгɵн мистикалар бар.

Улуу ата мекендик согуш башталып, алгачкы жылдарда Кызыл Армия бир кыйла жеңилʏʏлɵргɵ дуушар болот. Мистика да жардам бербейт. Сталин динден ʏмʏт кылат. Алсак, Сталин чиркɵɵсʏнɵ мамилесин жумшартат. Баса, Самарканддагы Эмир Тимурдун кɵрʏстɵнʏ айрым кɵзʏ ачыктардын «жамандык болуп кетет» деген эскертʏʏсʏнɵ карабастан, 1941-жылдын 21-июнунда изилдɵɵ иштеринин алкагында ачылган. Эртеси таң заарында Германия СССРге кол салган!

Айрым мистикалык маалыматтарда Сталиндин жашыруун буйругу менен Эмир Тимурдун кɵрʏстɵнʏнɵн алынган топурак Сталинграддын ʏстʏнɵн айландырылып, Волга дарыясына самолеттон чачылгандан кийин согуштагы чукул бурулуштар жʏз бергени айтылат.

2044-ЖЫЛГА ЧЕЙИН СЫРЫ ЖАБЫК « АНЕНЕРБЕ» ЖАНА ƟЗƟКТYК КУРАЛ

Фашисттик Германиянын улуттук идеологиясы немис улуту ɵзгɵчɵ расадагы эң жогорку жана баарына ʏстɵмдʏк кылууга бардык жагынан артыкчылык ыйгарылган жана укук берилген тандалма улут экендигине басым жасап калыптанганы белгилʏʏ. Атактуу Чынгыс хандын тʏшʏнʏнɵ да кирбеген мындай ашынган идеологияны ишке ашырууга олчойгон ресурстар сарпталган. Кɵптɵгɵн долбоор, программалар иштелип чыгарылып, тʏрдʏʏ экспедициялар уюштурулган. Алсак, нацисттик Германиянын 1938-39-жылдардагы Тибет экспедициясы жана анын алкагында тʏзʏлгɵн «Аненербе» ( «Бабалар мурасы» программасы. Программанын максаты немистерди артыкчылыктуу арий расасынын тандалма улутунун ɵкʏлдɵрʏ катары кароо жана ариецтерге, тагыраагы, атактуу арий тукумунун мураскерлерине ошого жараша ызаат кɵрсɵтʏʏ адеп-тартибине бʏт дʏйнɵнʏ ынандыруу жана кɵндʏрʏʏгɵ багытталган.

Эмне ʏчʏн Тибетке экспедиция уюштурулган? Айтымда, арийлер бир замандарда Атлантика океанына чɵгʏп кеткен байыркы ɵнʏккɵн цивилизациянын аман калган ɵкʏлдɵрʏ деп саналып, Тибет сыяктуу бийик тоолордо гана арийлердин сакталып калган ɵкʏлдɵрʏ жашоого жана цивилизациялык баалуулуктарын сактап калууга тийиш эле.

Экспедициянын жыйынтыгында Германияга 22 миң даана фото жана 40 километрлик документалдык кинопленкалар, «Канжур» буддисттик диний китебинин толук жыйнагы(108том), 376 тибеттиктин дене тʏзʏлʏшʏнʏн чен-ɵлчɵмдɵрʏ жана башка материалдар алынып келинген. Айрым маалыматтарга караганда, экспедициянын негизги максаттарына Тибеттен байыркы кʏчтʏʏ цивилизациянын техникалык, анын ичинде согуштук техника жана технологиясын изилдɵɵ да кирген.

Тибеттик экспедициядан кийин нацисттик Германия психотроптук приборлорду чыгарууга патент берʏʏ жагынан биринчи орунга чыккан. Немис окумуштуусу Вернер фон Браундун изилдɵɵлɵрʏ дʏйнɵлʏк ракета курулушуна негиз салган. Немистер дʏйнɵдɵ биринчи болуп «учуучу канаттарды ойлоп табышкан. Биринчи болуп ɵзɵктʏк куралдын ʏстʏнɵн иштеп башташкан. Биринчи реактивдʏʏ самолет да Германияда чыгарылган. Мунун баарында тең немистердин Тибетке илимий деген аталыш менен жасаган экспедициясы роль ойногонбу-жокпу, илимий эксперттер ушул кʏнгɵ чейин талашып-тартышып келатышат.

Талашка 2044-жылы гана тактык киргизилбесе, ага чейин экспедициянын материалдарын дал ошол жылга дейре жашыруун кармап туруу жɵнʏндɵгʏ келишимге Англия, АКШ жана Германиянын ɵкмɵттɵрʏ кол коюшкан.

Абдираим Мамытов

Багбан: “Гилас ɵстʏрʏʏдɵ жерди туура тандоо ɵтɵ маанилʏʏ”

Адабий тилде айтканда таттуу алча, диалектиде айтылгандай кокон гилас ɵстʏрʏʏ – ɵлкɵбʏздʏн тʏштʏгʏндɵгʏ багбандар ʏчʏн эң кирешелʏʏ булак. Адистердин айтымында бизде ɵстʏрʏлгɵн гиластын сапаты башка ɵлкɵлɵргɵ салыштырмалуу жогору бааланат. Ошондой эле витаминдерге бай жана суроо-талап жогору болгон кокон гиласты ɵстʏрʏʏгɵ ыктагандардын да саны жыл санап кɵбɵйʏп бара жатканын белгилɵɵгɵ болот. Учурда мɵмɵсʏн терʏʏ иштери кызуу жʏрʏп жаткан чагы. Бул жаатта кененирээк билʏʏ ʏчʏн 14 жылдык тажрыйбасы бар Нариман айыл ɵкмɵтʏнɵ караштуу Осмон айылынын тургуну Ырысбай Тойчиевге кайрылдык. Каарманыбыздын багында 200 тʏп гилас бар.

-Ырысбай ага, бакта терʏʏ иштери жʏрʏп жатыптыр. Айтсаңыз, быйыл тʏшʏм кандай болду? Жылдагыга салыштырмалуу бул мɵмɵнʏн баасы кымбат болгонун айтышууда?

-Ооба, терʏʏ иштери дээрлик аяктап баратат. Кудайга шʏгʏр, тʏшʏм жакшы болду. Баалар ɵткɵн жылга салыштырмалуу бир канча жогору. Албетте, багбандардын мээнети акталууда.

-Гилас ɵстʏрʏʏнʏ качан баштадыңыз эле?

-Багбанчылыкка чейин буудай, пахта, жʏгɵрʏ эгип, дыйканчылык менен алек болгом. Дыйканчылыкта жерди жылда айдоого туура келет. Тʏшʏм болбой же базарда арзан болуп калган учурда чыгымын актабай калган кездер болот эмеспи. Кийин пахта арзан болуп, кɵп жерде эгилбей калды. Ошентип, дыйканчылыктын кирешесинен чыгашасы кɵбɵйɵ баштагандыктан, 2008-жылы кʏзʏндɵ багбанчылыкка ɵткɵм.

Багбан катары айта турган болсом, гилас эгʏʏ кирешелʏʏ да, ошол эле кезде тʏйшʏктʏʏ да иш. Гиласти туруктуу тʏшʏм бере турган мезгилге жеткиргенге дейре бир топ мээнет талап кылынат.

-Биз кɵрʏп турган гиластын сорту кандай?

-Мисалы, бул гиластин сорту воловье-3 деп аталат. Мунун айланасында сɵзсʏз башка сорттогу кара гилас, сары драгана гиластарин эгʏʏ керек. Себеби мындай ыкмада мɵмɵлɵрдʏн чаңдашуусуна жакшы шарт тʏзʏлɵт.

-Канча жылдан кийин мɵмɵсʏн ала баштадыңыздар?

-Кɵчɵттɵр кɵбʏнчɵ кыйыштыруу жолу менен жасалгандыктан, мɵмɵ берʏʏдɵ сортторуна карап айырмаланат. Айталы, кара гиласка уланган кɵчɵт 5-6 жылда, сары гиласка уланган кɵчɵтʏ 12-15 жылга барып мɵмɵ берет. Сары гилас кɵп жашайт, тʏшʏмдʏʏ болот. Биздин кɵчɵттɵр сары гиласка уланган. Бул 10-июндан кийин быша баштайт. Жолго да чыдамдуу келет.

- Бул мɵмɵ багы кандай жерде болгону жакшы?

-Кокон гилас ɵстʏрʏʏ ʏчʏн жерди туура тандоо ɵтɵ маанилʏʏ. Кɵчɵт отургузула турган жер тʏз болгону жакшы. Кокту, ойдуң жерлерге эккенге болбойт. Анткени гилас ысыкты сʏйгɵн бак-дарактын катарын толуктайт. Тʏз жер тʏшʏмдʏʏлʏктʏн жогору болушуна тʏздɵн-тʏз таасир этет. Эгерде кокту же ойдуң жерлерге отургузулган болсо анда шамал жʏрʏп, кышында муздак абанын массасы жогору болсо, жазында температуранын тез ɵзгɵрʏп турушу кокон гиластин тʏшʏмʏн ʏшʏккɵ учуратат. Ошондуктан, кокон гилас ʏчʏн тʏз, жайык жер ылайыктуу деп эсептелет.

Гилас бактын айланасында башка тал-теректер болбоого тийиш. Анткени тамырлар кысылып, гилас жакшы ɵсɵ албай калат. Андан сырткары гилас башка мɵмɵ берʏʏчʏ дарактарга салыштырмалуу ɵтɵ назик келгендиктен, тал-терек кɵлɵкɵ тʏшʏрʏп, ар кандай ооруларды жуктурат.

-Жаш кɵчɵттɵргɵ кандай кам кɵрʏʏ керек? Кайсы мезгил гилас кɵчɵттʏ отургузуу ʏчʏн ыңгайлуу?

-Алгач кɵчɵттɵрдʏ тигʏʏ ʏчʏн жер даярдалат. Кокон гиласти отургузууга жаз же кʏз мезгилдери ыңгайлуу. Ар бир кɵчɵттʏн аралыгы 6-7 метр болууга тийиш. Жаңыдан эгилген жылы эч кандай жер семирткичтер берилбейт. Экинчи жылдан тарта мочевина (карбамид) бериле баштайт. Андан сырткары эрте жазда медный купорос акиташтын суусуна аралаштырылып, даракка себилет. Бул дарылоо биринчиден, курт-кумурскадан сактаса, экинчиден, дарактын сырткы катмарын тунук кɵрсɵтʏп, бекем болушуна шарт тʏзɵт.

Дагы бир эске алуучу жагдай, гиласти сугарууда арыгын эч качан кɵчɵттʏ тегерете казбоо керек. Эгилген жылдан тарта тʏз арык алынып, кийинки жылдардан арыгын кɵчɵттʏн тʏбʏнɵн алыстата баштоо зарыл. Себеби гиластин майда тамыры кɵбʏнчɵ ɵйдɵдɵ жайгашат. Буга байланыштуу кɵп суу коюлса, куурап калуу коркунучу бар.

-Адистер даракты туура бутоо да тʏшʏм алууда ɵзгɵчɵ мааниге ээ экенин белгилеп келишет. Жаңы эгилген кɵчɵттɵрдʏ канча жылдан кийин бутоо керек?

-Туура, гиласти бутоодо сɵзсʏз тʏрдɵ билген адамдан эки-ʏч жыл чогуу жʏрʏп, ʏйрɵнʏʏ керек. Бутоону кɵчɵт эгилгенден кийин эле баштоого болот. Мисалы, ɵтɵ узундарын 40 сантиметрден 85 сантиметрге чейин кыркып салуу кажет. Муну мага кɵчɵттɵрдʏ саткан дыйкан ɵзʏ келишимдин негизинде 2-3 жыл катары менен ʏйрɵткɵн. Билбеген адамдын бутаганы дарактын формасын бузуп, тʏшʏмдʏʏлʏгʏн начарлатат. Даракты формага келтирип алуу бутаган адамдан кɵз каранды. Туура буталбай, бою теректей узарып кеткен мɵмɵ аз алат. Эгер баш жагынан кыркып турса, майда бутактар кɵп чыгып, мɵмɵсʏ мол болот.

-Бышканга чейин кандай витамин, дарылар менен азыктандырасыздар?

-Жылда бутоо мезгили февралдын ортосунан башталып, мартка чейин уланат. Андан соң бʏчʏр байлай электе жогоруда айткан аки таштын суусу менен медный купорос себилет. Муну даярдоодо 3 кг медный купорос порошогун жылуу сууга эритип алып, 3 литр акиташтын суусу менен 100 литр таза сууга аралаштырылат. Андан кийин кɵчɵттʏн астына кɵлɵмʏнɵ жараша мочевина (карбамид) себилет. Гʏлдɵгɵн маалда эч кандай дары же витаминдерин себʏʏгɵ болбойт. Качан гана гʏлʏн тɵккɵндɵ БИ-58, Нурелл Д сыяктуу дарылар себилет. Ошондой эле гиластин данеги катканга чейин азот берилет. Данеги катканга чейин берилген азот гиластин бышкандан кийинки тʏшʏмʏ узакка бузулбай сакталат. Мындай гиласти узак жолго, экспортко ишенимдʏʏ алып чыгууга болот. Эгер данеги каткандан кийин себилип калган болсо, алыс жолго чыдамсыз болуп калуусу ыктымал. Азыркы заманга жараша калий, фосфор сыяктуу витаминдердин тʏрʏн да ɵлчɵмʏнɵ жараша берип туруу ашыкчалык кылбайт. Ал эми органикалык жер семирткичтерди беш жылда бир жолу сепкен оң. Мɵмɵ бышарына 20 кʏн калганга чейин дары, витаминдер менен азыктандырып бʏтʏʏ керек. Антпесе бышкандан кийин себилип, берилген дары ден соолук ʏчʏн кооптуу болуп калат.

-Мɵмɵ терилип бʏткɵндɵн кийин да кам кɵрʏлɵбʏ?

-Жыйналып бʏткɵндɵн кийин жалбырагын былжырак курттан сактоо ʏчʏн тиешелʏʏ дарылар себилет. Бак арасында сынган шактар кылдат алынып, тазаланат да, кʏзʏндɵ бактын ичине аммофос тегиз чачылат. Аммофос топурак ʏчʏн абдан пайдалуу. Ошентип, кийинки жылга даярдык кɵрʏлɵт.

-Маегиңизге рахмат. Тʏшʏм мол болсун!

Жумагʏл Кочкорбай кызы

Креативдʏʏ экономика бул – идеядан акча табуу

Акыркы жылдары креативдʏʏ экономика дʏйнɵлʏк экономиканын тез ɵнʏгʏп келе жаткан багыттарынын бири болуп калды. Кыргызстанда креативдʏʏ экономиканы “жумшак инфраструктурага” жана билимге негизделген, узак мɵɵнɵттʏʏ капиталдык салымдарды талап кылбаган, калктын кирешесинин ɵсʏшʏнɵ жана калктын жумуш менен камсыз болушуна, экспорттун кɵбɵйʏшʏнɵ, инновациялык ишкердикти ɵнʏктʏрʏʏгɵ ɵбɵлгɵ тʏзгɵн экономиканын келечектʏʏ тармагы катары кароого болорун эксперттер белгилешʏʏдɵ. Биз бул ирет дал ушул тармакты ɵнʏктʏрʏʏдɵгʏ эске алуучу жагдайларга токтолобуз.

“Креативдʏʏ экономика” деген эмне?

«Креативдʏʏ экономика» терминин илимий жʏгʏртʏʏгɵ биринчи жолу 2000-жылы Жон Хоукинс (архитектор, Бириккен Улуттар Уюмунун Чыгармачыл экономика боюнча консультациялык кеңешинин мʏчɵсʏ) киргизген. Ал терминди идеядан акча табуу деп тʏшʏндʏргɵн. Тагыраагы, интеллектуалдык ишмердʏʏлʏктʏн натыйжасы болгон товарларды жана кызматтарды сатууга негизделген экономиканын ɵзгɵчɵ тармагы. Мында товарларды жана кызматтарды ɵндʏрʏʏдɵ технологиянын жана инновациянын ɵнʏгʏшʏ чоң роль ойнойт.

Аталган жаңы ыкма тез эле бир катар ɵлкɵлɵрдɵ колдоого алынып, 10 жылдын ичинде чыгармачыл ɵнʏмдɵрдʏн, кызматтардын дʏйнɵлʏк соодасы эки эседен ашык кɵбɵйʏп, 624 миллиард долларга жеткен. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ тармакта эмгектенгендер 300 миллиондон ашат.

“Жалпы экономиканын 18 тармагын, 20 адистештирилген багытын камтыйт”

Кыргыз экономикасындагы креативдʏʏ экономика боюнча экономикалык серепчи Мирланбек Убайдуллаев тɵмɵнкʏлɵргɵ токтолуп, тармак коомдун бардык катмарына ыңгайлуу экенин жана колдоого алынса кыска мɵɵнɵттɵ ɵз пайдасын берерин айтат:

-Батыш ɵлкɵлɵрʏндɵ же экономикалык жактан ɵнʏккɵн ɵлкɵлɵрдɵ “креативдʏʏ экономика” деген жаңы термин эмес. Бул кɵп жылдан бери эле колдонулуп келе жаткан термин. Ал эми кыргыз экономикасында эгемендʏʏлʏктʏ алгандан берки акыркы мезгилдерде креативдʏʏ экономика деген термин жалпы экономикалык тʏшʏнʏк катары кире баштады. Мунун терминологиясын карай турган болсок, жаратмандык, идея дегенди тʏшʏнɵбʏз. Экономика тармагында биз мындан 5-15 жыл мурда орто жана кичи бизнес деп ураан кылып, бул тармактар кыргыз экономикасын тʏптɵй турганын айтканбыз. Ал эми бʏгʏн креативдʏʏ экономикага токтолуудабыз. Эмне ʏчʏн? Анткени креативдʏʏ экономика биринчи кезекте мɵɵнɵткɵ байланыштуу. Ал жалпы экономиканын 18 тармагын, 20 адистештирилген багытын ɵзʏнɵ камтыйт. Мисалы, басма иши, жарнама, дизайн тармактары. Булар да негизи жаңы тармак, бирок креативдик экономиканы ушул жерде колдонсо же ушулар аркылуу ишке ашырса болот. Жогоруда белгилегендей, креативдик экономикада эң негизгиси мɵɵнɵт. Жалпы экономикадагы акча мамилелеринде кыска, орто жана узак мɵɵнɵт деп айтылат эмеспи. Креативдик экономикада кыска жана орто мɵɵнɵткɵ басым коюлат. Демек, 3-5 жылдын ичинде кандайдыр бир экономикалык иш аракеттин негизинде пайда алса болот. Баарыбыз билгендей, мыйзамга ылайык, кандайдыр бир иш аракеттин негизинде экономикалык субьект же жеке жак пайда алып жаткан болсо, ал сɵзсʏз тʏрдɵ мамлекет менен бɵлʏшʏʏсʏ керек. Азыркы учурда Кыргызстанда экономика бир этаптан экинчи этапка ɵтʏп жаткан мезгили. Бʏгʏн рыноктун кандайдыр бир деңгээлине жетʏʏдɵбʏз, албетте, бул мезгил дагы экономикага ɵзʏнʏн залакасын тийгизʏʏсʏ мʏмкʏн. Буга чейин айтылып келгендей, мамлекеттин ɵзʏнʏн салттуу салык, бажыдан тʏшкɵн акча каражаттарынан сырткары дагы альтернативдик каржы булактары болуусу керек. Бирок, бизде андай болбой жатат. Андыктан, жалпы экономиканы, анын ичинде тармактык бɵлʏктɵрʏн ɵнʏктʏрʏʏ кажет.

“Креативдик экономика – эркин иш-аракет жасоо”

-Креативдик экономика дегенде биз ийкемдʏʏлʏктʏ тʏшʏнʏшʏбʏз зарыл. Дʏйнɵлʏк экономика, рыноктук мамилелер саат сайын эмес, мʏнɵт, секунд сайын ɵзгɵрʏп тургандыктан, ишкердик чɵйрɵгɵ, ишкерге терс же ошол эле учурда оң таасирлерин тийгизʏʏсʏ мʏмкʏн. Ошол ʏчʏн креативдʏʏ экономика ийкемдʏʏ, рыноктук ɵзгɵрʏʏлɵргɵ туруктуу болуусу керек. Креативдик экономиканын дагы бир ɵзгɵчɵлʏгʏ жаш куракка карабайт. Мында ʏйдɵ олтуруп деле жарнама кылып же дизайн кызматын кɵрсɵтсɵ болот. Муну жаштар да, орто жаштагылар, улгайган катмардагы жарандар да жасай алат. Бул жагынан бардыгына ыңгайлуу. Биздин экономикалык ишкердʏʏлʏк менен болгон жактардын же жалпы биздин жаштардын ɵзгɵчɵлʏгʏ – жаңы нерселерди тез илип кеткендиги. Тʏшʏнʏп, сиңирген нерсесин тез ишке ашыргандар да кɵп. Менин оюмча, креативдик экономикага Министрлер Кабинети болобу же тиешелʏʏ министрликтерби кɵңʏл бура турган болсо, анда ɵнʏгɵ турган багыт. Эгерде колдоого алынып, жакшы жолго коюлса, региондук масштабда дагы, жалпы мамлекеттин масштабында дагы ɵзʏнʏн пайдасын алып келет. Биринчи экономиканын аталган багытында алек болуш ʏчʏн алгач аны кененирээк тʏшʏнʏп, анан башкаларга жеткирсек жакшы болот. Креативдик экономика – эркин иш-аракет жасоо, эркин ой жʏгʏртʏʏ, идеянын негизинде ɵндʏрʏшкɵ салым кошуу же ɵзʏнʏн идеясынан ɵзʏнɵ да, мамлекетке да жана коомго да пайда келтирʏʏ. Азыркы мезгил жаңы технологиялардын заманы деп айтат эмеспизби, ошол эле учурда идеялардын заманы экенин белгилеп коюу керек.

“Нефть, газ сыяктуу ресурстарыбыз жок болгону менен адамдык ресурстарга байбыз”

Оштогу жаштардын башын бириктирген “ Yoth of Osh ” коомдук уюмунун жетекчиси Акмарал Сатинбаева ɵлкɵдɵ чыгармачыл, таланттуу жаштар кɵп экенин, бирок аларга жетиштʏʏ шарттар тʏзʏлбɵгɵнʏн айтып, креативдʏʏ экономиканы ɵнʏктʏрʏʏдɵгʏ бир катар мисалдарды келтирди:

-Биз жаштар уюму болгондуктан, кɵп жылдан бери жаштарды ар тармактуу колдоп келебиз. Алардын жарандык активдʏʏлʏгʏн, лидерлик сапаттарын ɵнʏктʏрʏʏдɵ, ɵзʏн-ɵзʏ таанууда же бизнес жаатында долбоорлорго колдоо кɵрсɵтʏп келебиз. Андан сырткары ар тʏрдʏʏ шыктарга, жɵндɵмдɵргɵ ээ болуусуна кɵмɵк кɵрсɵтɵбʏз. Бул багыттардын ичинде чыгармачыл жаштар да бар. Креативдʏʏ экономика деген тʏшʏнʏк эми Кыргызстанда жайылууда. Негизи бул тармактын биздин ɵлкɵ ʏчʏн ɵтɵ потенциалы чоң, экономиканын ɵнʏктʏрʏʏнʏн бир багыты. Анткени бизде таланттуу жаштар кɵп. Мамлекетибизде нефть, газ сыяктуу ресурстарыбыз жок болгону менен адамдык ресурстарга байбыз. Калкыбыздын 30%га жакынын жаштар тʏзɵт. Демек, ɵнʏктʏрɵ алабыз. Бирок, креативдʏʏ экономиканы ɵнʏктʏрʏʏ ʏчʏн ар тармакта шарттар тʏзʏлʏшʏ керек. Мисалы, Англия креативдʏʏ экономиканы ɵнʏктʏрʏʏдɵ алдыңкы катарда турат. Ɵлкɵнʏн ички дʏң продукциясынын 4-5%ын тʏзɵт. Андан сырткары Европа, Америка ɵлкɵлɵрʏндɵ ɵнʏгʏʏдɵ. Казакстанда да бул тармак колго алынууда.

Жаштар муну кантип колдонсо болот? Креативдʏʏ экономикада интеллектуалдык продуктар бааланат. Мында музыка, сʏрɵттɵр, дизайндар, кол ɵнɵрчʏлʏк, жалпы эле маданият тармагына тиешелʏʏ багыттар, ошондой эле I Т, тасма, мультфильм тартуу топторун кошсок болот. Айталы, « Gangnam Styl е» ыры миллиарддан ашык кɵрʏʏ топтогон. Ушул сыяктуу эле продукт бир жолу тʏзʏлɵт да, кийин кайра-кайра каражат алып келгени мʏмкʏнчʏлʏк тʏзɵт. Дагы мисал катарына “Маша жана аюу” мультфильмин кошсок болот. Мунун да идеясы бир жолу жаралган, бирок мультфильм бир канча тилге которулган. Экинчиден, ошол бренддин негизинде канчалаган балдарга арналган кийим-кече, оюнчуктар, шириндиктер, идиш-аяктар чыгууда. Бул брендди колдонуу ʏчʏн идеянын ээсине, авторлоруна каражат тɵлɵɵгɵ туура келет. Мындай идеянын мɵɵнɵтʏ да чексиз.

“Жаштардын креативдʏʏ хабы курулууда”

-Биздин тарыхыбыз, маданиятыбыз бай да, ошону заманбап продукт аркылуу чыгарып сатсак болот. Мунун потенциалы ɵтɵ чоң деп ойлойм. Ушул максатта биз бʏгʏнкʏ кʏндɵ “жаштардын креативдʏʏ хабын” тʏзʏʏдɵбʏз. Азыркы кʏндɵ имараты курулууда. 2015-жылдары жаштардын арасында долбоор баштап, хоббилери боюнча сурамжылоо жʏргʏзгɵнбʏз. Чыгармачылыктын бир топ багыттарына, робототехникага, сʏрɵт тартууга кызыгарын айтышып, бирок алар ʏчʏн атайын жайлар жок экендигин айткан бир топ билдирʏʏлɵр тʏшкɵн. Долбоордун негизинде бир имаратты ижарага алып, ар багыт боюнча шарт тʏзʏп, бɵлʏп бергенбиз. Тʏрдʏʏ жаштардын башын бириктирген, аларга жакшы жол кɵрсɵткɵн борбор болгон. Бʏгʏн алардын бардыгы чыгармачылык багытта ордуларын таба алышты. Алар таланты аркылуу элге, коомго пайда келтирʏʏ менен каражат тапса болорун тʏшʏнʏштʏ. Тилекке каршы, долбоор эки жыл гана болгондуктан, кийин токтоп калды. Бизде чынында таланттуу жаштар абдан кɵп болгону менен аларга шарттар жетиштʏʏ деңгээлде тʏзʏлгɵн эмес. Басымдуу бɵлʏгʏ Оштон ɵзʏн таппай, Бишкекке кетип калышат. Жергиликтʏʏ бийлик шаардын бренддин тʏздʏ, бирок аны чагылдыра турган кандай продукт бар? Ага ɵзгɵчɵ бир контент керек. Анда креативдʏʏ жаштардын да орду чоң. Ошондон улам жаштарды интеллектуалдык, жаратмандык багытта колдоо, шарт тʏзʏʏ, алардын башын бириктирʏʏ максатында Хаб курууну баштаганбыз. Азыр демɵɵрчʏлɵрдʏ издеп, ɵзʏбʏз да каражат иштеп чогултуудабыз. Албетте, жаштарга кайдыгер карабаган ата-энелер, жеке жактар болсо, колдоо кɵрсɵтʏп, салым кошууга чакырабыз.

Дʏйнɵдɵ

- Европада креативдик жана маданий тармактар (негизинен визуалдык искусство, жарнама жана телекɵрсɵтʏʏ аркылуу) автомобиль ɵнɵр жайына караганда дээрлик 2,5 эсе кɵп жумуш орундарын тʏзɵт. Мисалы, Улуу Британияда креативдик сектор жылына 76,9 миллиард фунт стерлингге бааланат, бул ɵлкɵнʏн экономикасына саат сайын 8,8 миллион фунт стерлингге чейин салым кошуп жатканын билдирет.

- Италияда 2012-2015-жылдар аралыгында креативдик долбоорлорго инвестиция салууну тандаган ишканалар жʏгʏртʏʏсʏн 3,2% га кɵбɵйтʏп, 1,4 миллион кишиге жумуш орундарын тʏзʏшкɵн.

- Берлин стартаптарынын жардамында болжол менен 100 000 жумуш орундары тʏзʏлгɵн, алардын кɵбʏ креативдик секторлордо.

- Чет элдик эксперттердин пикири боюнча креативдʏʏ экономика Европанын ИДПсынын 4,2% тʏзɵт. Ал эми Европада тʏзʏлгɵн жумуш орундарынын саны боюнча креативдʏʏ тармактар ʏчʏнчʏ орунду ээлейт. Бул кризис учурунда ɵзʏнʏн туруктуулугун далилдеген жана келечек ʏчʏн таасирдʏʏ потенциалы бар жаш адистерди иш менен камсыз кылган негизги тармактардын бири.

Жумагʏл Кочкорбай кызы

Санабар Кудайбердиева: «Ɵмʏрʏмдʏ ардактуу мугалимдик кесипке арнаганыма сыймыктанам»

«Бейне» рубрикабыз адамдын бала чагын, басып ɵткɵн турмушун, эмгек жолун, ʏй-бʏлɵсʏн окурманга ачып берет. Ал эле эмес каарманыбыздын жан дʏйнɵсʏн ачып, кээде ыйлатып, кээде кʏлдʏрʏп, тээ бала чагына алып барган учурлар болот. Бул аптадагы каарманыбыз ɵмʏр бою мугалим болуп эмгектенип, учурда “Капитошка” мектеп жана балдар бакчасынын негиздɵɵчʏсʏ, директору Санабар Кудайбердиева болду. “Мен бактылуу аялмын” дейт эжеке. Анда кеп башынан болсун.

“Атам тʏшʏнʏктʏʏ киши болгону ʏчʏн мен окуп калдым”

-Ɵзʏм Ɵзгɵндʏн кызымын. Куршабдын Чегитир деген айылы бар эле, азыр башкача аталышта болуп калды, ошол айылда чоңойдум. Кызыл-Аскер деген айылга барып окуп келчʏбʏз. Ал убакта коңшу айылдагы мектепке барып окуп келʏʏ таң калычтуу эмес болчу. Мектеп алыс, жолдо эле кʏнʏбʏз ɵтчʏ. Ал кезде мектепти аяктагандан кийин кыздарды кɵпчʏлʏгʏ окутчу эмес. Биздин айылдан “космонавт” болуп биринчилерден окууга мен тапшырдым. Атам темир уста болчу, орустар менен иштешип, тʏшʏнʏктʏʏ киши болгону ʏчʏн мен окуп калдым. Атам мени окутам деп чыкканда айрымдар “кызы кɵчɵдɵ калат, азыр кызды окутуп болобу” дешкен. Ага карабай раматылык апам экɵɵ бʏт аракеттерин кылып окутушту. Дарыгер болом деп Бишкекке бардым. Менден улуу агам медициналык институтта окучу. Мени алдап-салдап атып “экɵɵбʏздʏ мединститутта окутуу кыйын” деп кыз-келиндер институтуна тапшыртып койгон. Ыйлатып жʏрʏп аталган институттун биология жана химия факультетине окутуп койду. “Мугалим болбойм” деп ыйлайм. Улуу агам “аялдар ʏчʏн ушул кесип эле жакшы” деп алдайт. Институтта беш жыл окудум. Биринчи барганда кыйналдык. Лекциянын баары орус тилинде болчу. Айылдан барган мендейлер ʏчʏн бир топ эле кыйын болгон. Бара-бара ɵздɵштʏрдʏк. Ал убакта студенттер “ата-энемди уят кылбайын” деп катуу аракет менен окучубуз. Тʏнʏ менен аудиоторияда уктап калган кʏндɵр болгон.

“Беш жыл сʏйлɵшʏп, кай жерлик экенин сурабапмын”

-Биздин факультеттин деканы ɵтɵ жакшы киши болчу. Ар бир кызга ɵзʏнчɵ мамиле кылып карачу. Ар бирибиз менен иштешчʏ. “Окууну бʏткʏчɵ бириң турмушка чыгып кетсеңер, кɵрсɵтɵм” дечʏ. Баарыбыз тɵртʏнчʏ курсту бʏткʏчɵ турмушка чыкпадык. Кɵчɵгɵ чыкканда жигиттерди кɵрсɵк каччубуз. Бешинчи курста кɵпчʏлʏк кыздар турмушка чыгып кетти. Мен жолдошум менен беш жыл сʏйлɵшʏп жʏрʏп, турмушка чыктым. Ал политехте окучу. Анда кыздар азыркыдай “атаң барбы, ʏйʏң барбы, унааң барбы?” деп деле сурабайт экенбиз. Окуган болсо эле болду дейт элек. Беш жыл сʏйлɵшʏп жʏрʏп жолдошумда каерлик экенин сурабапмын. Окууну аяктап, мамлекеттик экзамен калганда айылга барып келейин деп жɵнɵп калдым. Жʏктɵрʏмдʏ бʏт алып алгам. Аэропорттон жолдошум гʏл кармап тосуп алды. Ал убакта Ошто “Ак Буура” деп жалгыз ресторан бар болчу. Ошол жерге барып тамактанып келели десе макул болуп жɵнɵдʏк. Ошондон нары ресторанга эмес, Кадамжай районуна алып кетип калды. “Мен апама окуп келем деп айткам, мени ʏйʏмɵ алып барып кой” деп ыйлайм. Жаныбызда кайнежем бар эле, аны деле урам, жолдошумду да урам. Ошентип ала качып барып отургузуп койгон.

“Менин балама тием дегендер толтура деп кайненем урушат”

-ʏйʏнɵ алып баргандан кийин унаадан тʏшпɵй ыйлайм. “Мен атам менен апама берген сɵзʏмɵ турушум керек, дипломду алгандан кийин турмушка чыгам” деп ыйлайм. Бир убакта кайненем чыгып “менин балама тием дегендер толтура. Тийбесең эмнеге сʏйлɵшʏп жʏрдʏң” деп урушуп калды. Раматылык кайненем кыйын аял болчу. “Жетим бала, жесир аялбыз” деп ыйлады. Анан айла жок унаадан тʏшʏп ʏйʏнɵ кирдим. Андан бир кʏн мурда тайпалаш кыздар коштошуу кылабыз деп уйкудан калганбыз. Кɵшɵгɵ тартылган жерге кирип эле жатып уктап калыпмын. Бир убакта абысыным ойготконунан кɵзʏмдʏ ачып артымды карасам дубалдын саманы чыгып жʏрɵт. Ал убакта жашоо шарт начар болчу. Биз Куршабда орустар менен жашап, акталган, сырдалган ʏйлɵрдɵ чоңойдук да. Биринчи жолу андай ʏйдʏ карап таң калгам. Кайненемдер биздин ʏйгɵ кетишти. Барышса апамдар жакшы кабыл алып, мени аш демдеп кʏтʏп отурушкан экен, аны баргандарга салып берип жылуу узатышыптыр. Артымдан кууп келген жеңелеримден уялып жолдошума “дубалга чаптаган туш кагаздар бар, дʏкɵндɵ сатат, алып келе койсоң” дейм. Эч кимди тоготпой, турмушка чыкпай жʏргɵн кыз ушундай жерге келип калыптыр дешет деп намыстанам. Жолдошум болсо акчам жок дейт. Менин колумда биртке акча болчу, аны карматып дʏкɵнгɵ жибердим. Ошентип кайненемдер биздин ʏйгɵ барып келгиче ʏйдʏн дубалдарына туш кагаздарды кактырып койгом. Алар келип “жашайм деген келин ушундай болот” деп ыраазы болгону азыркыга чейин эсимде.

“Мектепте иштеп, жолдошумду бир жыл окуттум”

-Ошентип турмушка чыгып отуруп калдым. Мектепке жумушка кирип алгам. Ал жердегилер мени “Тʏндʏктʏк келин” деп атап алышат. Мектепке барсам да баарын тергеп алам. Кайненем семичке, майда-чʏйдɵ сатып иштеп балдарын окутчу экен. Мен мектепке ишке киргенден кийин “эне, сиз иштебей эле коюңуз, мен иштеп жатам го” деп чыгарбай койдук. Жолдошум Ошто, мен Кадамжайда болуп ʏч жыл жʏрʏп калдык. Кайненем мени Ошко жибербейм деп ыйлайт. Кайнагам барып чоң баламды кайненеме таштап, мени Ошко алып баса берген. Мен унаага чыгып алып бетимди жаап ыйлайм, кайненем ʏйдɵ калып ыйлайт. “Бириң балам калды деп ыйла, бириң балам кетти деп ыйла” дейт кайнагам. Ошентип Ошко келип жолдошум менен чогуу ижарага батир алып жашап калдык. Кудайга шʏгʏр, жолдошум экɵɵбʏз жаман сɵз айтышып, кыйкырышпадык. Мен аны, ал мени сыйлап ɵмʏр сʏрдʏк. Жакшы жумуштарда иштеди. Кɵрбɵгɵн жерлерди кɵрсɵттʏ. Айылда жʏргɵнʏмдɵ шаардан барып колумдун жарылганын кɵрʏп “чыдап койчу, жакында газ алып берем, от жакпай каласың” деп колумдан сылап, кɵңʏлʏмдʏ алып койчу. Ажал экен, ээсине тапшырганыбызга беш жыл болду. Эки уул, эки кызды татыктуу тарбиялап ɵстʏрдʏк.

“Сен мен ʏчʏн ɵмʏр бою профессорсуң. ”

-Ошко келип Ош педагогикалык институтта иштеп калдым. Кандидаттыгымды жактайм деп Орусияга барып бир ай окуп келсем, жолдошум ачуусу келип тосуп алды. “Сен мен ʏчʏн ɵмʏр бою профессорсуң” деп койду. Болду, институтта иштебейсиң деп мектепке жумушка киргизип койду. Ошол бойдон ɵмʏрʏмдʏ мектептеги балдарды тарбиялоого арнадым. Азыр кайсы жерге барбайын астымдан окуучуларым чыгат. Банкка барсам да, ооруканага барсам да сɵзсʏз бирɵɵ “оо, эжеке, кандайсыз” деп салам айтып чыга калат. Сыймыктанып калам. Мугалимдик кесип ошонусу менен сыймыктуу, ардактуу да. Кайсы жерге барсаң сени сыйлап, барктап тосуп алышат. Берген билимиң ʏчʏн рахматын айтып, кɵңʏлʏңдʏ кɵтɵрɵт. Мен ʏчʏн эң чоң бакыт да ушул. Азыр неберелерим мектепте билим алат, аларга да “эң биринчи кезекте мугалимди сыйлагыла” деп кɵп айтам. 2012-жылы балдарым “болду эми иштебеңиз, мектептен чыгыңыз, сизге бир кафе же ресторан эле ачып берели, ошол менен алектениңиз” деп калышты. Мен ɵмʏрʏмдɵ бирɵɵдɵн эмне жейсиң деп сураган эмесмин. Андан кɵрɵ мектеп же бала бакча ачып бергиле дедим. Ошентип “Капитошканы” ачып, иштетип калдым. “Капитошканы” иштеткенден кийин да беш жыл мектептен жооп бербей, эки жакта иштеп жʏрдʏм. 2017-жылы мектептен биротоло чыгып, жеке менчик мектеп менен бала бакчаны иштетип келе жатам.

“Бир жолу эки окуучумду жаагына ургам. ”

-Мугалимдерин айланасындагы болуп жаткан окуялар педагог катары мени капалантпай койгон жок. Азыр мугалимдерге болгон сый-урмат жоголуп бара жатат. Ата-энелер балдарын эч нерседен кем кылбай багам деп жатып эле туура эмес багытта тарбиялап жатышкандай. Мен ушунча жыл иштеп бир жолу гана окуучуларыма кол кɵтɵрʏпмʏн. Анда Кадамжайда иштейм. Жаш келинмин. Балдарга сабак берип баштагам. Досканы карап бир нерсе жаза баштасам эле класстын балдары дуу каткырып кʏлʏшɵт. Аларды карасам токтоп калат. Эки-ʏч кайталанды. Акырын артымды карасам астыңкы орунда отурган эки окуучу мени туурап балдарды кʏлдʏрʏп жатыптыр. Экɵɵнʏ доскага чыгардым, бирɵɵсʏн жакасынан кармап туруп жаагына бир койдум. Анан экɵɵнʏ тең сабактан кууп чыгарып койдум. Бир жума сабагыма кирбеди. Бир кʏнʏ сабак ɵтʏп жатсам эшикти бирɵɵ тыкылдатат. Барып карасам мектептин профсоюзу менен дагы бир мугалим экен. “Биздин балдарыбызды сабагыңа киргизип койчу, балалык кылышыптыр, кечирип кой” дешти. Ошол менен ал балдар жанагы кылыктарын кайталаган жок. Шаарга келгенде да бʏт тентек, тил укпаган балдарды директор мага жиберчʏ. Шоктук кылышса да, катуу сɵз айтып мугалимдер менен айтышса да мага жɵнɵтʏшɵт. Мен балдар менен сʏйлɵшкɵнгɵ аракет кылам. Урушпайм, урбайм. Жɵн гана аларды угуп коём.

Калдарбай кызы Бактыгʏл

Экологдор: “Жер кыртышы бузулган аймакта сел жʏрʏʏ коркунучу жогору”

Акыркы жылдары климаттын ɵзгɵрʏшʏ кооптонууларды жаратып, дʏйнɵ экологиялык кризиске дуушар болууда. Изилдɵɵчʏлɵрдʏн айтымында, бул кɵйгɵй Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда да байкалууда. Аны соңку жылдары байма-бай катталган жер кɵчкʏ, сел ɵңдʏʏ жаратылыш кырсыктарынан байкоого болот. Быйылкы жаз кɵбʏрɵɵк жаан-чачын менен коштолуп, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Талас облустарында сел жʏрʏп, тургундарды бир топ эле тʏйшʏккɵ салды. Айрым жерлерде ʏй-жайлар, кɵпʏрɵлɵр, жолдор жарактан чыкты. Ɵлкɵ экономикасына да таасирин тийгизди. Жамгырдан кийинки мындай сел жʏрʏʏнʏн кɵбɵйʏшʏн Ɵзгɵчɵ кырдаалдар министрлиги сел локалдык болуп, климаттык ɵзгɵрʏʏлɵр таасир этип жатканына шарттаса, тиешелʏʏ адистер жер кыртышынын бузулушу, жайытты туура эмес колдонуу, мал-жандыктын кɵбɵйʏшʏ, туура эмес курулуштардын жʏрʏшʏ менен байланыштуу дешет.

Болотбек Каримов, биология илимдеринин кандидаты, ОшМУнун экология кафедрасынын доценти:

“СССР убагында кɵптɵгɵн жайыттарыбыз запкы жеген”

-Селдин жʏрʏʏсʏн жер кыртышынын бузулуусуна байланыштырууга болот. Анткени кыртышы деградацияланган аймакта сел жʏрʏʏ коркунучу салыштырмалуу жогору болот. Себеби жер кыртышынын деградациясы адам баласынын чарбалык иш аракеттеринин туура эмес жʏргʏзʏлʏшʏнʏн натыйжасында жʏрɵт эмеспи. Аларга: жайыттардын такырланышы, жердин жеке менчикке ɵтʏшʏ менен сугат жана сел тосуучу каналдардын кароосуз калышы, жеке менчик турак жайлардын пландуу эмес стихиялуу курулуп жатышы себепчи болууда.

Биздин мамлекет СССРдин курамында турганда “мал чарбасына” багытталган союздук республика болгонубуздун натыйжасында кɵптɵгɵн жайыттарыбыз запкы жеген болчу. Топурак кыртышынын бузулушу, жайыттардын такырланышынын башкы себепчиси мына ушундан башталат. Ал эми азыркы учурда калкыбыздын экономикалык мʏмкʏнчʏлʏгʏнʏн чектелишинен улам кɵпчʏлʏк учурда жакынкы жайыттардын гана пайдаланышынын натыйжасында бул маселе кайрадан курчуп жатат. Анткени алыскы жайыттардын инфраструктуралары (кɵпʏрɵ, жолдор) бузулган жана ал жайыттарга малды ташып алып баруу кɵп чыгымдарды талап кылат, ошондуктан жакынкы жайыттар экстенсивдʏʏ пайдалангандыктан, жылдан-жылга такырланып бара жатат.

“Ушул темпте кетсек, келечекте ɵтɵ ɵкʏнʏчтʏʏ жагдайлар жаралышы мʏмкʏн”

-Эгерде жаратылыш ресурстарын пайдаланууга болгон мамилебизди ɵзгɵртпɵстɵн, ушул темпте бара турган болсок, келечектеги кʏтʏлʏʏчʏ натыйжалар ɵтɵ эле ɵкʏнʏчтʏʏ жагдайларды жаратышы мʏмкʏн. Бул деген эмне? Бул - абанын температурасынын жогорулашы, мɵңгʏлɵрдʏн азайышынын натыйжасындагы суунун тартыштыгы, тʏшʏмдʏʏлʏктʏн тɵмɵндɵшʏ, табийгый кырсыктардын (сел, кɵчкʏ, ɵрт) кɵбɵйʏшʏ жана башка ушул сыяктуу жагымсыз натыйжалар жаралышы мʏмкʏн. Анткени табият бул бʏтʏн система, анын бир эле бɵлʏгʏндɵгʏ туура эмес иш чара чынжырча сыяктуу бʏтʏндɵй комплекстʏʏ кесепеттерге ɵтʏп кетʏʏсʏ мʏмкʏн.

Адилбек Матысаков, КРнын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлигинин Ош региондук башкармалыгынын башкы инспектору:

“Жер кыртышы эрозияга учурап, жамгыр жерге сиңбей, селге айланууда”

-Негизинен селдин жʏрʏшʏ жаратылышка адам баласынын тийгизген терс таасиринен улам жаратылыш кубулуштары ɵзгɵрʏʏгɵ дуушар болууда. Биринчи себептери болуп, калктын санынын ɵсʏʏсʏ, калк кɵбɵйгɵндɵн кийин мал-жандык да кɵбɵйɵт эмеспи. Андан жайыттардын жетишсиздиги келип чыгат. Мисалы, мурун бир гектар жерге 100 уй жайылса, азыр 200 мал жайылат. Демек, ошол жердеги жер кыртышы эрозияга учурайт. Ошентип, кыртыш жоголот. Ал эми жамгыр жааган учурда жердеги чɵптɵр, башка ɵсʏмдʏктɵр сууну тамырларына сиңирип, кайрадан абага чыгарып, фитосинтез процесси жʏрʏшʏ керек. Жер кыртышы эрозияга учурагандан кийин жааган жамгыр жерге сиңбей калат да, суу чогулуп селге айланып, бʏгʏнкʏдɵй кырдаалды жаратууда. Эрозия бул – бузулуу. Андан сырткары заман ɵнʏккɵн сайын химиялык заттар кɵп колдонулууда, кɵп нерселер ɵрттɵлʏʏдɵ, канчалаган таштанды калдыктар чыгууда. Алардан парник эффекти бɵлʏнʏп чыгат да, ал жаратылышка тʏздɵн-тʏз таасирин тийгизип, озон катмарынын алдын тосуп, кʏндʏн кескин ысышын, кайра эле ɵзгɵрʏп жамгырдын жаашын шарттайт.

“Токой чарбаларын ɵнʏктʏрʏʏ керек”

-Жаратылыш кырсыктарын алдын алып, экологияны сактоо ʏчʏн бак-дарактарды, кɵчɵттɵрдʏ кɵбʏрɵɵк тигип, дегредацияны туура жʏргʏзʏʏ керек. Быйылкы жылы бул багытта президент Садыр Нуркожоевич “Жашыл мурас” деген кɵчɵт тигʏʏ боюнча жарлыгын чыгарып, жалпы жергиликтʏʏ бийлик, мамлекеттик ишканалар жана жарандар катышып, миңдеген кɵчɵттɵр отургузулду. Мындай демилгелер кɵп-кɵп болуп турганы жакшы. Ошондой эле жерлер эрозияга учарабоосу ʏчʏн токой чарбаларын ɵнʏктʏрʏʏ кажет. Кайсыл жерге кандай кɵчɵттɵрдʏ тигʏʏ ыңгайлуу, бир жерге ит мурун отургузуу керек болсо, экинчи жерге арча тигʏʏ сыяктуу зарылдыктар каралышы абзел. Ошондо гана фитосинтез процесси жакшы жʏрɵт. Муну менен катар экологияны сактоо боюнча элге кɵбʏрɵɵк тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏʏ зарыл. Мектептерде да окуучуларга окутулууга тийиш. Себеби айылда пайда-зыянды аңдабай, жаратылышка терс таасирин тийгизген жарандар кɵп. Андайларга жол бербɵɵ ʏчʏн кичинесинен тарта жаратылышты сʏйʏʏгɵ, коргоого тарбиялоо керек. Кыргыз Республикасынын айлана-чɵйрɵнʏ коргоо жɵнʏндɵ мыйзамынын 46-беренесинде да ар бир Кыргызстандын жараны айлана-чɵйрɵнʏ коргоого милдеттʏʏ деп кɵрсɵтʏлгɵн. Баарыбыз жаратылышты коргоого милдеттʏʏбʏз.

Жумагʏл Кочкорбай кызы

Ошто жаңы тарыхый табылгалар табылды

14-майдан бери археологиялык изилдɵɵ тобу Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жоош айыл ɵкмɵтʏнɵ караштуу Ак-Жар айылындагы байыркы Даван жана Кушан мамлекеттеринин калдыктарын изилдеп жатышат.

КРнын УИА ТБнун илимий кызматкери Эмирлан Мырзабековдун берген маалыматына ылайык, казуу иштерин Ош мамлекеттик университетинин чыгыш таануу жана тарых факультетинин студенттери, окутуучулары, КРнын Улуттук илимдер академиясынын кызматкери Эмил Султанов жана Чехия республикасынын Батыш Чех университетинен келген окумуштуулар, докторанттар, магистрлер жʏргʏзʏп жатышат. Божомолдор боюнча байыркы Даван, Кушан мамлекетинен калган шаар калдыктары изилденʏʏдɵ. Ошондой эле изилдɵɵнʏн жʏрʏшʏндɵ адам сɵɵктɵрʏ, майда жана ири жандыктардын сɵɵктɵрʏ, карапа буюмдар, ураган дубалдардын калдыктары табылууда. Ак-Жар археологиялык изилдɵɵлɵрʏн 1956-жылы Юрий Александрович Заднепровский ачкан. Андан бери изилденбей турган объектке 2019-жылдан тарта кайрадан чалгындоо иштери башталган. Пандемияда ʏзгʏлтʏккɵ учураган казуулар кайрадан уланып жатат.

Эмил Султанов, КРнын Улуттук илимдер академиясынын тарых, археология жана этнология институтунун илимий кызматкери.

“Экинчи дɵбɵдɵ кызыктуу табылгалар бар. Мисалы, палеозоологдордун изилдɵɵсʏндɵ кɵптɵгɵн дан уруктары жана ɵсʏмдʏктɵрдʏн данектери табылган. Алардын 6 тʏрʏ Кытайдан келтирилгенин аныкташты. Андан сырткары мал-жандыктарынын, таш бакалардын сɵɵктɵрʏ чыгып жатат. Бул табылгаларды жалпы Кыргызстан тарыхындагы чоң жаңылык катары айтсак болот”.

Ак-Жар археологиялык эстеликтери учурда мамлекеттин карамагында. Казуу иштерин жʏргʏзʏʏгɵ алдын ала бир жылга уруксат алышкан. Изилдɵɵ иштери 14-июнга чейин уланат. Анда табылган табылгалар Кыргызстанда калат жана музейлерге тапшырылат.

“Маймыл чечеги жай айларында кʏч алуусу ыктымал”

Дʏйнɵ коронавирустук пандемиядан толук чыга электе маймыл чечеги тынчсыздандырууда. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ дʏйнɵнʏн 30дан ашык ɵлкɵсʏндɵ катталды. Оорунун белгилери жана алдын алуу жолдору тууралуу кеп кылабыз.

Сейрек кездешʏʏчʏ инфекциялык оору

Маймыл чечеги – жаныбарларда жана адамдарда сейрек кездешʏʏчʏ жугуштуу оору. Дарттын козгогучу – ортопокс вирусу. Биринчи жолу 1958-жылы лабораториялык маймылдарда аныкталып, маймыл чечеги деп аталып калган. Ал эми 1970-жылы Конго Демократиялык Республикасында оору адамда биринчи ирет тастыкталган учуру катталган жана андан бери бул оору Борбордук жана Батыш африкалыктарда такай аныкталып келет. Нигерияда 2017-жылы башталган эпидемия дагы деле токтой элек. Жакында эле илдеттен аталган ɵлкɵдɵ бир адам кɵз жумган.

Илдет Африкадан башка жерлерде да катталган: 2003-жылы Америка Кошмо Штаттарында 70 адам кабылып, оорунун жугушун кемирʏʏчʏлɵр менен байланыштырышкан. Андан кийин 2018-жылы Израилде, Улуу Британияда 2018, 2019 жана 2021-жылдары, Сингапурда 2019-жылы жана АКШда 2021-жылы аныкталган.

Дʏйнɵлʏк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, илдетке чалдыккан адамдын дене табы кɵтɵрʏлʏп, булчуңдары, башы ооруп, бездери чочуп калуусу мʏмкʏн. Ошондой эле бетинде, денесинде бʏдʏрлɵр пайда болуп, жайылышы ыктымал. Илдеттен кɵз жумгандардын пайыздык кɵрсɵткʏчʏ тɵмɵн.

Жугуу жолдору

Оору кɵбʏнчɵ ылаңдаган жапайы жаныбарлардан, кемирʏʏчʏлɵрдɵн жугат. Адамдан адамга аба (шилекей, кан, чʏчкʏрʏк) жана уруктук жана оорулуу адам колдонгон тиричилик буюмдары аркылуу жугушу мʏмкʏн. Андан сырткары вирус организмге былжыр чел, дем алуу органдары, жада калса теридеги майда жарааттар аркылуу да кирип кетиши ыктымал. Оорулуулар менен жеке коргонуу каражаттары жок байланышта болгон медицина кызматкерлери, ошондой эле инфекция жуккан адамдар менен жашаганда инфекциянын жугуу коркунучу жогору.

Симптомдору

Маймыл чечеги клиникалык жактан табигый чечекке окшош. Оорунун инкубациялык мезгили 5–21 кʏн, орточо 6–13 кʏн. Оорунун биринчи белгилери:

-ысытма - 38,5 жогору;

-лимфаденопатия - чоңойгон лимфа бездери;

-миалгия - булчуңдардын оорушу;

-Денеге бʏдʏрлʏʏ жаралардын чыгып, ичинде суюктук бар ыйлаакчалардын пайда болушу. Жаралар алгач беттен башталып, анан денеге, анын ичинде жыныстык органдарга жайылат.

Дʏйнɵдɵ

Дʏйнɵнʏн тынчын кетирген илдет 2022-жылдын 7-майында оорунун эндемикалык аймагы болгон Нигериядан кайтып келген британиялык тургунда тастыкталган. Ал киши изоляцияланып, керектʏʏ медициналык жардамга ээ болгон. Андан сырткары Улуу Британиянын Коопсуздук агенттиги жана саламаттыкты сактоо кызматы инфекция табылган жаран келген рейстеги бʏт жʏргʏнчʏлɵргɵ байланышып, текшерʏʏдɵн ɵткɵрɵрʏн айтышкан. Бирок, аталган ɵлкɵдɵ 14-майда эки, 16-майда тɵрт учур катталып, алардын бири-бири менен байланышы жок болгон. Кийинчерээк оору эндемикалык эмес башка ɵлкɵлɵрдɵ да каттала баштаган: Австралия, Бельгия, Франция, Германия, Италия, Нидерланды, Португалия, Испания, Швеция, Улуу Британия, АКШ, Швейцария, Израиль, Канада, БАЭ, Чехия, Словения, Австрия, Дания, Канар аралдары. Мурда Африкадан башка жерлерде маймыл чечектин катталган учурлары негизинен эндемикалык ɵлкɵлɵрдɵн кайтып келген саякатчылардан табылса, азыркы учурда инфекция эндемикалык аймактарга барбаган 200дɵн ашык адамдардан тастыкталган жана шектʏʏ учурлары табылган. "Шектʏʏ" бейтаптар, ДССУнун терминологиясына ылайык, катуу ысытмасы бар адамдар же башка патологиялар менен тʏшʏндʏрʏʏгɵ мʏмкʏн болбогон мʏнɵздʏʏ симптомдордун бири. Акыркы маалыматтарга ылайык, илдет 30дан ашык ɵлкɵлɵргɵ тараган. Кɵбʏнчɵ балдар жана жаштар, иммунитети тɵмɵн адамдар чалдыгышат. Азырынча оорунун дарылоочу атайын вакцина жок. Бирок, окумуштуулар табигый чечекке пайдалануучу дарыларды колдонууга болот дешет.

Бʏткʏл дʏйнɵлʏк саламаттыкты сактоо уюму маймыл чечегинин жайылышын толугу менен ооздуктоого болоруна ишенбейт. Бул тууралуу уюмдун Европа аймактык бюросунун директору Ханс Клюге билдирген: “Азырынча маймыл оорусунун чыгышына натыйжалуу жооп берʏʏ ʏчʏн COVID -19 менен кʏрɵшʏʏ ʏчʏн киргизилген массалык чаралар талап кылынбайт” деген ал. Клюге инфекциянын Европага жана башка ɵлкɵлɵргɵ жайылуусу жай мезгилинде жогорулайт деп эсептейт.

Илдеттен кантип коргонууга болот?

Жапайы жаныбарлар менен байланышта болбоо, жаныбарлардын этин тамак-ашка колдонуудан мурун абдан бышыруу оорунун алдын алууга шарт тʏзɵт. Ошондой эле колду таза жуу, антисептик колдонуу сунуш кыланат.

Жумагʏл Кочкорбай кызы

Оорутуп, кыйнабаганы менен ɵң-келбетти бузган тери оорулары

Каарманыбыз 27 жаштагы кыздын айтымында, ала деп аталган оорунун айынан ʏй-бʏлɵ кʏтʏп, бала жытын жыттай элек. Дегеле “ала” деген эмне дарт? Ага тʏзʏлʏшʏ жагынан окшоп кеткен кара так баскан ооручу? Теринин мына ушундай сейрек кездешчʏ оорулары тууралуу баяндайбыз.

Бʏмайрам Эсенбаева, Ош облустар аралык тери-венерология борборунун тери-венерология бɵлʏмʏнʏн башчысы:

“Ала” оорусунун себебин дʏйнɵлʏк медицина да аныктай элек”

-Тери ооруларынын ичинен оору пайда кылбай, жанды кыйнабай, бирок ɵң-келбетти бузган оору медициналык тилде “витилиго” ал эми элдин арасында “ала” оорусу деп аталат. Ала оорусу теринин айрым жерлеринде меланин пигментинин ар кандай кɵлɵмдɵ жана ак тактардын пайда болушу менен мʏнɵздɵлɵт. Оорунун келип чыгуу себебин дʏйнɵ жʏзʏ таппай келʏʏдɵ. Ар кайсы курактагы адамдар бул оорудан жабыркашат.

“Организмдин жалпы абалына таасирин тийгизбейт”

-Ооруну алдын алуу мʏмкʏн эмес. Бул муундан-муунга тукум куучулук аркылуу ɵтʏшʏ ыктымал. Ошол эле учурда катуу чочугандан же сезгенгенден да пайда болот деген пикирлер бар. Организмдин жалпы абалына таасирин тийгизбейт. Болгону, косметикалык дефект катары тынчсыздандырат.

Дарылоо врачтардын кɵрсɵтмɵсʏ аркылуу гана жʏрʏшʏ керек

-Дарылоонун жаңы методдору боюнча дарыгерлер ала оорусун токтотуп калууга аракет кылып жатышат. Бирок, ар кимдин организми ар кандай болгондуктан кээ бирлериники дарылаганда токтойт да, тери торчо болуп, ɵз калыбына акырын келе баштайт. Ал эми кээ бир адамдардыкы токтоп, ошол жери ак боюнча калып калат. Тилекке каршы, айрымдарына дарылоо таасир этпей, токтотууга мʏмкʏн болбой калат. Жалпысынан дʏйнɵлʏк практикада да бул ооруну толук дарылоого болот деп айта албайбыз. Ошондой эле дарылоо врачтардын кɵрсɵтмɵсʏ менен гана жʏргʏзʏлɵт. Беттеги тактарды билдирбɵɵ ʏчʏн грим, суюк упа колдонсо болот. Теридеги ак тактары бар адамдар узак мɵɵнɵткɵ кʏнгɵ турууга мʏмкʏн эмес.

27 жаштагы каарманыбыз бул ооруга чалдыкканы тууралы мындай дейт:

-Мен башка балдардай эле дени сак тɵрɵлгɵм. 1-класста окуп жʏргɵндɵ алгач кɵзʏмʏн бир четине кичинекей ак так тʏшкɵн. Башында анча маани бербептирбиз. Барган сайын денемин башка жерлеринде пайда боло баштады. Барбаган жерибиз, кылбаган нерсебиз калбады. Айрымдар йод коюп кɵрʏʏнʏ, лазер менен кʏйгʏзʏп кɵрʏʏнʏ снуштады. Тилекке каршы, бирɵɵсʏ да жардам берген жок. Башкаларга да ар кимдин айткан ыкмасын жасай берʏʏнʏ сунуштабайт элем. Болгону убагында дарыгерге кайрылышсын. Болбосо ɵтɵ кеч болуп калат экен.

Гʏлнара Рысбекова, Ош облусундагы башкы эндокринолог. Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын эндокринология бɵлʏмʏнʏн башчысы.

-Эмне себептен териде кара тактар пайда болот? Бул витилигодон эмнеси менен айырмаланат?

-Дени сак адамдын организминде меланин деген гормон иштелип чыгат. Ал адамдын терисине ɵң-тʏстʏ берип туруучу гормон. Анын натыйжасында адамдын териси ак, сары же кара болуп калыптанат. Ошондой эле меланин гормону кʏндʏн ультра кызгылт-кɵк нурунан терини сактоо функциясын аткарат. Гиперпигментация бул – теринин ашыкча карайып кетиши. Ал эми депигментация – меланин гормонунун териде жоголуп кетиши, тагыраагы витилиго (ала оорусу). Негизи “пигмент” латындын “ pigmentum ” сɵзʏнɵн алынган. Кыргызча “боёк” деген маанини тʏшʏндʏрɵт.

-Ооруну пайда болушуна таасир этʏʏчʏ факторлор?

-Гиперпигментация локалдык болгондо теринин ар жеринде майда же чоң кɵлɵмдɵгʏ кара тактар пайда болот. Диффуздук тʏрʏндɵ тери баштан-аяк карайып кетет. Физиологиялык гиперпигментация дени сак адамдардан кош бойлуу аялдарда байкалат. Алардын бетинде, колунда, кɵкʏрɵгʏндɵ тактар пайда болуп, бирок тɵрɵттɵн кийин жоголот. Патологиялык оорунун негизиндеги гиперпигментацияга тукум куучулук аркылуу ɵткɵн белгилер кирет. Мындан сырткары ар бир адамдын бɵйрɵгʏнʏн ʏстʏндɵ ʏч бурчтуу, 3 сантиметрлик эндокриндик бездер болот. Ошол без аркылуу кортикостероид жана минералокортикоид гормондору иштелип чыгат. Ал гормондор да теринин тʏсʏнɵ таасирин тийгизет. Эгер бɵйрɵк ʏстʏндɵгʏ бул бездердин кортизол гормону жетишпесе “Аддисон” деген сейрек кездешʏʏчʏ оору пайда болот. Аддисон оорусунун натыйжасында теринин кʏн тийген жерлери (бет, моюн, кол, бут) акырындап карая баштайт, андан ары дененин бʏт жери интенсивдик тʏрдɵ карайып кетет. Бул ооруну качан гана териде белги пайда кылганда гана байкашат. Ага чейин акырындан ɵɵрчʏп отуруп, туберкулёздун же башка аутоиммундук оорунун айынан же операциядан кийин, стресстен кийин, травмалык авариялардан кийин бɵйрɵккɵ тийгизген таасиринин негизинде, бɵйрɵк ʏстʏндɵгʏ бездерге кан куюлуп, кийин денедеги кара тактарды пайда кылышы мʏмкʏн. Мунун себебин изилдɵɵ абдан таатал.

-Кайсы курактагы адамдарда гиперпигментацияга чалдыгуу коркунучу бар деп айта алабыз?

-Азыркы учурда кɵпчʏлʏк адамдарда алсыздануу, баш оору, баш айлануу сыяктуу белгилер бар. Ɵкʏнʏчтʏʏсʏ, ага кайдыгер карашат. Кара тактарды качан гана териге чыкканда байкашат. Анда да кɵбʏнчɵ аялдар врачтарга убагында кайрылышат, ал эми эркектер оорусуна анча маани бербей келишет. Гиперпигментация жаш балдарда деле болушу мʏмкʏн. Дени сак адамдардын денесинин кʏн тийген жерлеринде 40 жаштан кийин 2-5 миллиметр ɵлчɵмʏндɵгʏ майда кара тактар пайда болушу мʏмкʏн. Ɵтɵ кара эмес, кочкул кʏрɵң тʏстɵ.

-Ооруну толук айыктырууга болобу?

-Бул сейрек кездешкен оору. Ошону менен витилигонун себеби да аныктала элек. Айрым пикирлер боюнча бул оору абанын ɵзгɵрʏшʏ, экологиянын бузулушу, адамдагы стресс менен байланыштуу деп айтылып жатат. Ушул сыяктуу кээ бир учурларда гиперпигментациянын да себеби тактала элек. Эки оорунун тең тукум куучулук белгилери бар. Ата-энеден баласына ɵтʏшʏ мʏмкʏн, ɵтпɵй калышы да мʏмкʏн. Кеңеш катары айтаар элем, эгер адам денесинин кайсы гана бɵлʏгʏндɵ болбосун тактарды байкаган болсо сɵзсʏз тʏрдɵ дарыгерге кайрылышы керек. Кээде бул меланома шишиктери болуп калышы мʏмкʏн. Кадимки кал кɵлɵмʏ чоңоюп кетʏʏсʏ ыктымал. Гепатит оорусунун кесепети тийиши мʏмкʏн. Баарыбызга белгилʏʏ болгондой гепатит билинбеген оору. Гепатиттин фонунда адамдын терисинде диффуздук, тактап айтканда, баштан-аяк гиперпигментация пайда болушу мʏмкʏн. Ошондуктан ɵз убагында медициналык изилдɵɵлɵрдɵн ɵтʏʏ зарыл.

Айжылдыз Тойчиева

Келинге тиешелʏʏ салттык жʏрʏм-турум кандай болгон?

Кылымдар бою кайсы бир элдин ырым-жырым, каада салты сакталып келет. Биздин салт-каадалар санай келсең оголе кɵп. Бʏгʏн келиндерге тиешелʏʏ болгон каадага токтолобуз. Мурдагы салтты сактап келаткандар бар, бʏгʏнкʏ демократиялык коомдо тескерисинче, бул салттар колдонулбай да калган.

ТЕРГƟƟ САЛТЫ

Кыргыздарда келин кʏйɵɵсʏнʏн туугандарын (аялдарын да, эркектерин да), кʏйɵɵсʏн ɵзʏ барда да, жокто да атынан айтпай, башка сɵз менен алмаштырып атаган жана кʏйɵɵсʏнʏн жети атасына да ушундай мамиле кылган. Бул салт "тергɵɵ" деп аталган. Тергɵɵ келин келгенден тартып каза болгонго чейин кармалган. Биздеги бул салт тууралуу ХХ кылымдын 20-жылдарында Кыргызстандын аймагында изилдɵɵ жʏргʏзгɵн Ф. А. Фиельструп тɵмɵндɵгʏдɵй маалыматты жазып кеткен: "Аялдар ʏчʏн айтууга тыюу салынган сɵздɵр-кʏйɵɵсʏнɵн эркек туугандарынын аттары. Азыркыга чейин кары аялдар кʏйɵɵсʏнʏн ата-бабаларынын онунчу атасына чейин атабайт. Мындан сырткары бул аттар менен ʏндɵш, окшош сɵздɵрдʏ да айтууга укуксуз болгон. Манаптарда келин кʏйɵɵсʏнʏн уругун да атабайт, ошондой эле бул аттар менен байланышкан нерселердин, жаныбарлардын атын айтпайт".

Жаңы келген келинге улуу абысындары кимди кандай ат менен тергээри тууралуу айтып беришкен. Анткени ар бир уруунун келиндери кайнагаларынын ар кимисин кесибине ("Уста акем"), сырткы келбетине ("Тɵкɵр акем"), мʏнɵзʏнɵ(" Момун акем") ж.б. ɵзгɵчɵлʏктɵрʏнɵ жараша тергешкен. Келин мындан ары аны эл арасында "баланча акем" деп ошол ат менен тергɵɵгɵ тийиш. Бирок ага кайрылуу учурунда антип тергелген аты менен эмес, жɵн гана "аке", "аба" деп кайрылган. Ошондой эле келинге ошол ʏйгɵ бʏлɵ болуп келгенге чейин тɵрɵлʏп калган кайын сиңди, кайнилерин да атын атоого тыюу салынган. Ал келгенден кийин тɵрɵлгɵндɵрдʏ гана тергебей, ɵз атынан айта алган. Бирок алардын арасынан да чоң ата, чоң апаларынын атынан коюлгандарын тергеген. Келин кайын сиңдилерин "кыз", "бийкеч", "эрке кыз", "улуу кыз", (улуу кайын сиңдисин), "ортончу кыз", "кичʏʏ кыз" деп тергеген. Мындан сырткары кээде кайнеже, кайын сиңдилерин кайсыл аймакка турмушка чыкканына жараша да тергеген. Алсак "Кɵлдɵгʏ эжем", "Чʏйдɵгʏ кыз" ж.б. Ал эми кайнилерин "бала", "уул бала", "ортончу бала", "кичине бала", "уул", "кичине уул", "эрке бала", "марка бала" ("марка"-кенже деген мааниде), "молдо бала", "ырчы уул" ж.б. деп тергеген. Мынтип тергɵɵ кайын сиңдиси, кайниси картайып калган мезгилде деле кармалып, адатта жеңеси каза болгонго чейин улантыла берген. Ошондой эле келин кайнисинин эркек бир туугандарын (таякелерин), алардын аялдарын жана кайненесинин эже-сиңдилерин да аттарынан айтпай, тергеген. Кээде келинге ɵзʏнʏн атасынын атын же ɵзʏнʏн ысымын атоого тыюу салынган учурлар кездешкен. Алсак, келиндин аты кайненесинин атындай болсо, ал турмушка чыккандан баштап ɵмʏрʏнʏн акырына чейин ɵз атын айткан эмес. Мындай шарт кайнатасы менен атасынын ысымдары окшош болуп калган мезгилде да кармалган. Мынтип тергɵɵ адат боюнча келин каза болгонго чейин созулган. Ал эми ал тергеген кишилердин кɵзʏ ɵткɵндɵ деле алардын атын айткан эмес. Н.П. Дыренкованын маалыматы боюнча, келиндин кайнатасын, кʏйɵɵсʏнʏн улуу туугандарын тергɵɵсʏ анын кайындалган мезгилинде эле башталган. Эгер кыз менен жигитти бала чагында эле кудалап койгон болсо, кыз кичине кезинде гана болочоктогу кʏйɵɵсʏнʏн туугандарынын атынан атаган. Ал эми 11-13 жашынан баштап ал болочоктогу кайнатасы менен кʏйɵɵсʏнʏн улуу туугандарынын эч кимисинин атын атаган эмес. Бирок мындай маалыматка кайчы пикирлер да бар. Тактап айтканда, кыз кудаланган мезгилден баштап болочоктогу кайын журтуна кɵрʏнʏʏдɵн жана жолугуп калуудан качкан, бирок аларды тергеген эмес.

Бʏгʏнкʏ кʏндɵ тергɵɵ-эл арасында колдонуудан калып бара жаткан тыюулардын бири, тактап айтканда, айыл арасында гана бир аз таасирге ээ. Айыл жергесинен кайнатасын же "баланча жеңемдин кʏйɵɵсʏ" деп кайнагасын тергеген келиндерди, азыркыга чейин каза болуп калган кайната, кайненесинин атын атабай, теригип жʏргɵн карыяларды кездештирʏʏгɵ болот. Бирок шаар калкында, ɵсʏп келаткан жаштар арасында бул салт дээрлик колдонулбай калды.

ЖʏГʏНʏʏ САЛТЫ

Келинге мʏнɵздʏʏ журум-турум эрежелеринин бири – жʏгʏнʏʏ. Келин кайната, кайнене, кʏйɵɵсʏнʏн улуу туугандарына жана кайненесинин бир туугандарына учурашуу иретинде жʏгʏнгɵн. Мында ал саламдашуу иретинде колун бооруна алып, тике карабай, ийилип таазим эткен. Жада калса кʏйɵɵсʏнɵн "аяк алып ичерлик улуу" эркек туугандарына да жʏгʏнʏʏгɵ тийиш болгон, бирок алар ɵздɵрʏ макулдук берип келиндин жʏгʏнбɵɵсʏн суранышкан учурда ал жʏгʏнʏʏсʏн токтото алган. Байбиченин балдарынын аяалдары токол апасына да жʏгʏнʏп, атын атабай тергеген. Келин топ кишиге карата да бир эле жолу жʏгʏнгɵн. Ошондой эле кээде келин ыраазычылык билдирʏʏ иретинде да жʏгʏнгɵн. Алсак, келинге жогоруда аталган адамдар устукан берген учурда ыраазычылык иретинде ал кишиге жʏгʏнʏп койгон. Келин кимге багыштап жʏгʏнсɵ, ал киши буга жооп кылып "кɵп жаша", "ɵмʏрлʏʏ бол", "кудай жалгасын", "теңир жалгасын", "алганын менен тен кары", "бар бол", "ɵркʏнʏң ɵссʏн", "тилегиңе жет", "кудай тилегинди берсин", "этегиңден жалгасын", "ак жоолугун башындан тʏшпɵсʏн", "ак элечегин башындан тʏшпɵсʏн", "кɵшɵгɵң кɵгɵрсʏн" деген сыяктуу алкоолорду айтып ыраазычылык билдирʏʏгɵ тийиш. Ал эми келиндин жʏгʏнʏʏсʏн жоопсуз калтырып байкамаксан болуп басып кетʏʏ, бата бербей же алкабай коюу кыргыздын салттык этикетинде ɵтɵ чеки иш катары эсептелген. Жʏгʏнʏʏ адат боюнча келин каза болгонго же картайганга чейин созулган. Кээде аял киши ɵзʏ карып калган учурда да абышкасынын кɵзʏ тирʏʏ туруп, уруусунда андан улуу киши калса, анда ага мурункудай эле жʏгʏнʏʏсʏн уланта берген. Бирок кыргыздардын салттык этикетинде тɵмɵнкʏ учурларда келиндин жʏгʏнʏʏсʏнɵ тыюу салынып, токтотулган: Адат боюнча кʏйɵɵсʏ каза болгон аялды "бели сынды" деп жʏгʏндʏрʏшкɵн эмес. Бул кʏйɵɵсʏнɵн ɵтɵ жаш калган келинге да тиешелʏʏ болгон. Бирок келиндин кайын журтун тергɵɵсʏ мурункудай эле улантыла берген. Жесир аял кайрадан кʏйɵɵгʏ тийгенден кийин жʏгʏнгɵн эмес. Бирок жесир аял кайрадан кʏйɵɵгɵ тийип , нике кыйылгандан кийин, кайын тарабы тамак-аш, чай куюлган аяк сунуп, "балам, мындан кийин мурунку жолуң менен жʏгʏнʏп жʏр, муну ич"деп берет. Ошондон тартып келин мурункусундай жʏгʏнɵ баштаган. Эгерде мындай иш-аракет аткарылбаса, ал жʏгʏнгɵн эмес. Келин каза болгон адамдын ʏйʏнɵ бата кылууга барганда же ошол жерде кызмат кылып жʏргɵндɵ ɵзʏнʏн дайыма жʏгʏнʏп жʏргɵн адамдарына сɵɵктʏ жерге берип келгенге чейин жʏгʏнгɵн эмес. Мындай ишаратка жамандыкка жʏгʏнгɵндɵй, ага багынгандай болуп калат деген ишеним себеп болгон. Белгилей кетчʏ нерсе, келин кʏйɵɵсʏнʏн улуу туугандарына эле эмес, уруунун башка аксакалдарына да салам берʏʏ иретинде жʏгʏнгɵн. Келин кайната, кайненесинин, кайнагаларынын, байбичелердин жана аксакалдардын жолун кесип ɵтпɵйт. Алардан канчалык аралыкта турганына карабастан, алар ɵтʏп кеткенден кийин ɵтʏшʏ зарыл болгон же болбосо айланып ɵткɵн. Бул – ошол адамдарга болгон сый, ийменʏʏ дегендик эле.

АБЫСЫН МАМИЛЕСИ

Келин кайнатасынын, кайнагаларынын жана кайненесинин бир туугандарынын (таякелеринин) ʏйʏндɵ тɵр жакка отурбайт. Аларга эч качан жылаңайлак, жылаңач тизечен, кɵкʏрɵгʏ ачык жана жыланбаш (жоолуксуз) кɵрʏнгɵн эмес. Ошондой эле алардын кɵзʏнчɵ катуу кʏлгɵнгɵ, каткырганга тыюу салынган. Келин кайнатасы отурган орунга отурбайт, кийимин тебелебейт, аттабайт, кийбейт. Ал жаткан тɵшɵктʏ тебелеген эмес, ал уктаган орунга тɵшɵк жыйылган болсо да, ал барда да, жокто да отурган эмес. Бул биринчиден, аларга болгон сый, экинчиден, келин кайнатанын тɵшɵгʏн тебелесе, кусуру же каары уруп, келин ооруп калат деген ишеним болгон. Мындай маалыматты Н.И.Гродековдун " келин кайнатасы тирʏʏ турганда боз ʏйдʏн сыйлуу жерин-тɵрдʏ баспайт, антпесе анын буту ооруп калышы мʏмкʏн" деген билдирʏʏсʏ ырастайт. Ошондой эле келин кайнатасынын, кайнагаларынын минип жʏргɵн атына минбейт жана токунуп жʏргɵн ээрине отурган эмес. Атʏгʏл ал ээрди башка атка токуп минʏʏгɵ да болбойт. Келин боз ʏйдɵ кайнатасынынан алысыраак отурса да, ал тарапка аркасын салып бурулган эмес жана ʏйдɵн чыгып баратканда аркасы менен кетенчиктеп чыгууга тийиш болгон. Келинге кайнатасы, кайнагалары менен бир идиштен тамак ичʏʏгɵ тыюу салынган.

Келиндин кʏйɵɵсʏнʏн бир туугандарынын же аталаш жакын туугандарынын аялдары "абысын" деп аталат. Бир туугандардын ынтымактуу жашоосунда абысындардын ролу абдан чоң болгон. Ошондуктан кыргыздарда "абысын жакшы болсо аш кɵп, агайын жакшы болсо ат кɵп"деп айтып коюшкан. Келин ɵзʏнɵн улуу абысындарына "сиз", "жеңе" деп кайрылган. Алардын атын айтпай, "улуу жеңем", "кичʏʏ жеңем" деп же алардын балдарынын атынан айтып "Жыпардын апасы", "Айдардын апасы" деп тергеген. Абысындар жамандык, жакшылыкка барып калганда милдеттʏʏ тʏрдɵ бири-бирин ээрчитип алган, тактап айтканда, дайыма бири-биринин "чачпагын кɵтɵрʏп барган" (чачпагын кɵтɵрʏʏ – бирɵɵнʏн шылтоосу менен ээрчий келʏʏ, жандай келʏʏ, анын шарапаты менен бирге, кошо конок болуу). Бир жакка конокко барганда кичʏʏсʏ кɵтɵрʏнчɵгʏн кɵтɵрʏп, улуусун ʏйгɵ биринчи киргизип, ɵзʏнɵн ɵйдɵ отургузган. Мында келиндин эмес, алардын кʏйɵɵлɵрʏнʏн жашына карата улуулугу аныкталган, жолукканда учурашуу иретинде жʏгʏнгɵн. Келин алууга даярдануу жана келин алуу мезгилинде жʏргʏзʏлгɵн ар бир иш-аракетке ɵзгɵчɵ маани берип, алардын ар бири жакшы ниет менен жасалган ар кандай ырым-жырымдар менен коштолгон. Эч нерсе кɵз жаздымда калган эмес. Мында келинге салына турган жоолуктан тартып жаштардын тɵшɵгʏн сала турган же тиге турган адамга чейин маани берилген. Келин да ɵз кезегинде мындай кɵңʏл бурууга татыктуу болууга тийиш болгон.

📎📎📎📎📎📎📎📎📎📎