. Калкты кандай сериал кызыктырат?
Калкты кандай сериал кызыктырат?

Калкты кандай сериал кызыктырат?

«F4» же болбосо «Мыкты жигиттер» аттуу корей сериалы биринчилерден болуп Казакстанда көрсөтүлгөн.

Жакында коңшу Казакстан өз телеберүүлөрүндө корей жана түрк сериалдарын көрсөтүүнү токтотот. Бул өлкөнүн маданият министрилиги чет өлкөлүк сериалдарга сарпталган каражатты казак сериалдарына жумшоону туура көргөн. Ал эми Кыргызстандыктар кандай сериалдарды көрүшөт? Деги эле сериалдар кандай таасир жаратып жатат?

90-жылдары Бразилия жана Мексика өлкөлөрүнүн телесериалдары коомчулук арасында кеңири жайылган эле. Кеч кирер замат көпчүлүк үй-бүлө көгүлтүр экрандан кезектеги сериалды күтүп калышчу. Азыр кыргыз коомчулугунда корей жана түрк сериалдары популярдуу болуп келет. Көпчүлүк учурда көрүүчүлөр сериалдардын атайын DVD дисктерин сатып алып же интернеттен жүктөп көрүшөт. Шаардык студент Чынара Эркинова да корей,түрк сериалдарынын күйөрманы:

Мен көбүнчөсү эле түрк жана корей сериалдарын эң көп көрөм. Мага эң жаккан сериалдардын бири бул F4 болуп саналат. Анын каармандары, алардын тышкы көрүнүштөрү жана кызыктуу сюжети жагат. F4 сериалын башында телевизордон көргөм. Күндө канчада болорун билип алып, күтчү элем. Андан кийин ал кино бүтүп, мен атайын барып DVD дискин сатып алдым. Эки күн түнү менен уктабай көрдүм, ошонун айынан сабакты да калтыргам.”

«F4» же болбосо «Мыкты жигиттер» аттуу корей сериалы биринчилерден болуп Казакстанда көрсөтүлгөн. Көп өтпөй бул сериал Кыргызстанга келип, айтылуу «корей толкунун» баштаган. «Корей толкуну» термини Түштүк Кореяда чыгарылган музыка жана сериалдардын толкун сымал башка өлкөлөргө жайылганын түшүндүрөт. Бул толкун кыргыз көрармандарын канчалык каптады?

«Көп убакытка чейин ал сериалдын таасиринин астында жашап жүрдүм. Каармандар менен кошо жашап, чыныгы жашоого кайрылышым оор болду. Өзүмчө эле виртуалдык жашоо менен жашап жаттым. Аларды интернеттен карап, изилдеп, сүрөттөрүн көрүп жүрдүм. Өзгөчө сүйүү жакты, себеби жашоодо андай сүйүүгө көп эле кездеше бербейсиң го. Анан кийин ошондой сүйүү бар бекен деп аябай ойлондум. Кино бүткөндөн кийин аябай өзүмдүн жүрөгүмдө боштукту сездим. Кинодо баары сонун болуп, чыныгы жашоого кайрылганда жөнөкөй болуп. »,-деди Чынара Эркинова.

Бишкекте Киев көчөлөсү менен борборду карай бет алганда ондогон корей дүкөндөрүн кездештирүүгө болот. Булардын көбү акыркы төрт жыл ичинде ишке кирген. Корей ашканасынан баштап, косметикасына чейин сатып алууга мүмкүн болгон бул дүкөндөрдөн деги киши үзүлбөйт. Венера Асанбекова алардын биринде сатуучу:

- Азыр сиз кайсы тамакты даярдап жатасыз?

- Азыр мен кимпап жасап жатам. Кореянын улуттук, арзан тамагы. Көбүнчөсү бул тамакты студенттер алышат. Рамен дагы, кимпап да аябай кетет. Башында жасачу эмеспиз, анан сурап келе беришкендиктен жасап сата баштадык. Ошол сериалдардан көрүп алып эле биздин продукцияларды сатып алып кетишет. Көбүнчөсү рамендор сатылат.

-Косметикадан көбүнчөсү кайсылары өтүмдүү?

-Косметикадан көбүнчөсү ББ крем деп коет. Мурда апаларыбыз тоналдык крем деп коюшчу, азыр ББ крем.

Кыргызстандын интернет форумдарында корей сериалдарынын күйөрмандары «фан клуб» ачып алган. Анда адатта «кандай сериалды көрүү керек?» же «сүйүктүү корей ырларын кайдан тапса болот?» деген темалар талкууланат. Кээде кайсы бир каармандын ролу ортого коюлуп, талаш -тартыштар да болуп кетет.

Түрк сериалдары саптын башында

"Даңазалуу доор" сериалы

Токон уулу Адилет DVD сатуучу жайда көп жылдан бери иштейт. Адилеттин айтуусунда? азыркы учурда эң өтүмдүү түрк сериалдары:

Азыр түрк сериалдары мода болуп жатат. «Великолепый век», Сулайман деген. Күнүгө он бештей түрк сериалдары кетет. Көбүнчөсүн аялдар алышат. Былтыр корей сериалдары жакшы өтчү эле, быйыл түрк сериалдары жакшы кетип жатат. Корей сериалдары дагы эле мода, бирок көбүнчөсү аны жаш кыздар алат. Менин апам күнү түнү Сулайманды көрөт. Азыр телевизордо да кыргызчасын берип, кызыктырып жатпайбы.»

«Даңазалуу доор» аты менен коомдук телеканалда чыгып жаткан түрк сериалы Орусияда, Казакстанда да көрсөтүлгөн. Бул түрк сериалынан таасирленгендердин арасында түрк тилине, Осмон империясынын тарыхына кызыккандар көбөйгөн. Ал тургай «Даңазалуу доор» тартылган тарыхый Топкапы сарайына келген туристтердин саны кескин өскөн. Бул сериал кыргыз айымдарына да өз таасирин тийгизип келет. Бишкек шаарынын тургуну Гүлзада Станалиева:

«Бул көпчүлүктүнкөңүлүнө төп келген сүйүктүү бир сериалга айланды. Бул сериал кайсы бир деңгээлде түрк маданиятын бизге таанытып, таасирлентип да жатат десек болот. Айталы, аксессуарлар да көп көрүлүп жатат. Кыргыз айымдарынын арасында ошол «Даңазалуу доордогу» Хюррем Султандын жана башка айымдар тагынган сөйкө шакектердин формасындагы жасалгалар салыштырмалуу баасы да кымбат. Беш миң сом турат. Моданын туу чокусу болуп жаткандар мына ушулар».

Сериалдын таасири кандай?

Бишкектик психолог Назира Кубанычбек корей же түрк сериалдары терс таасир берип жатат деген ойдон алыс. Бирок кайсы бир сериалды көрүү процессинде көрөрман аңдабай туруп, башка бир терс таасирлерге ооп кетүүсү мүмкүн дейт :

«Көрүү процессине көрүүчү киргенден кийин бардыгы башталат. Мисалы мен көрүүчү болсом, ошол кореялыктардын жашоо турмушунун деңгээли кандай экен суроо менен киришим мүмкүн. Бирок көрүп жатып башкалар да таасир этет да, өзүм билбей, сезбей, аңдабай ошол нерселерге мен да ооп кетемин. Ошол башталгандан кийинки процесс психикага таасир тийгизет. Кээде биздин жаштарга жаман жагынан таасир этүүчү нерсе оң таасирлерди жууп салышы мүмкүн».

2012-жылдан баштап Тажикстан, Өзбекстан түрк сериалдарын көрсөтүүдөн баш тартышкан. Азербайджан бардык чет өлкөлүк сериалдарды өз теле экрандарында көрсөтүүгө тыюу салган. Өлкө бийлиги мындай чечимдин себебин өсүп келе жаткан жаш муундун чет өлкөлүк сериалдардын таасиринде тарбияланбоосу керек деп түшүндүргөн. Кыргыз коомунда бул маселе азырынча кабыргасынан коюла элек.

Тарыхчы: Сулайманды келесоо, убактысын баалабагандар көрөт. Чынында Сулайман андай болгон эмес. Бети да башкача болгон. Эң сулуу аялы Махидавран деген черкес болгон, а бул кинодо Хүрөмдү кылып салган. Андай эмес. Экинчиден, Сулаймандын гареминде мынчалык интрига деле болгон эмес, ал согуш мамлекет менен көп алек болгон.

📎📎📎📎📎📎📎📎📎📎