Суперстан: Чубак ажыга берилген суроолорго жооп - Суперстан
Чубак ажыга берилген суроолорго жооп Суроо бербеңиздер. Чубак ажыга жетпейт. Башка сайттан алынган.
#1 Altyshok 06 Сентябрь 2013 - 11:32- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 748
- Катталган: 28 Сентябрь 11
- Соңку аракети: 26 Янв 2021 15:43
- Жынысы: Эркек
Дин тууралуу, ыйман, жашоо тууралуу Чубак ажыга берилген суроолор көп. Ал суроолорго Чубак ажы убагы менен жооп берип калат. Ошол суроо-жоопторду жайгаштырууну туура көрдүм. Анткени бизди кызыктырган суроолор болушу да мүмкүн.
Эскертүү: Бул жерге суроо берилбейт. Анткени сурооңуз Чубак ажыга жетпейт. Болгону башка сайттан алынып жазылган.
#2 Altyshok 06 Сентябрь 2013 - 11:38- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 748
- Катталган: 28 Сентябрь 11
- Соңку аракети: 26 Янв 2021 15:43
- Жынысы: Эркек
1. Бөлүм: Жалпы Жашоонун максаты эмне? Ибадат. Куранда: "Мен инсандарды жана жиндерди Аллах Таалага ибадат кылуу үчүн гана жараттым" деген Аллахтын аяты келет. Биз тамак жейбиз, кийим киебиз, илим окуйбуз, баардыгы ибадатыбыз туура болуу үчүн гана. 2. Бөлүм: Жалпы Татуаж, жасалма чач менен намаз окусам болобу? Ата-эненин күнөөсү үчүн да тообо кылса кабыл болобу? Жамгыр жааганда периште көбөйөт деген чынбы? Намаз окуп жатканда эмнени элестетиш керек, эмнени ойлош керек?
Татуаж дегенди түшүнбөдүм. Жасалма чач такканга шариат уруксат бербейт. Ата-эне үчүн тооба кылынбайт. Алар үчүн сооптуу иштерди аткарып, соопторун белек кылат. Алардын акысыга дуба кылат. Жамгыр жааганда Аллахтын ырайымы түшөт делет. Намаз окуганда акыретти, соопту эстөө керек.
3. Бөлүм: Жалпы Базарда сатылуучу тиш пастасында, тиш шеткасында “халал” деген жазуусу жок. Аны мусулман адам пайдаланса болобу? Ооба, пайдаланса болот. "Халал" деп жазылуусу шарт эмес.
4. Бөлүм: Жалпы Банктарда счет ачуу уруксатпы? Уруксат, себеп дегенде акчаны которуу-сактоо маселесинде проблема туулуп калат да. Ал убакта ачканга туура келет. Эгер пайдасы чыга турган жер болсо, пайдасын ал дагы, аны өзүң иштетпе, жалпы кайрымдуулукка жумшап жибер.
5. Бөлүм: Жалпы Иттин жүнүнөн жасалган өтүктү (кончусунун сырт жагы) кийсе болобу? Иттин жүнүнөн жасалган байпакты кийсе болот, жакшылап жууп алып туруп. Ансыз деле аны жууган болсо керек. Ал эми иттин терисинен тигилген маасы, өтүктөрдү ашталгандан кийин кийсе жарай берет. Ашталмайынча андан өтүк деле ултарбайт болуш керек. Намазга да жарай берет.
6. Бөлүм: Жалпы Менин келинчегиме жин кирип кеткен деп шегим бар. Мисалы, мени көргөндө кускусу келет. Мен жөнүндө кээбирде ою жаман. Эч ким менен сүйлөшкүсү келбей калат, жалгыз калганды каалайт. Кайсы жин чыгарган молдого кайрылса болот? Молдо боюнча, жин окугандар көп азыр бизде, Кудайга шүгүр. Ар мечит куру эмес. Биздин өзүбүздүн имамга кайрылсаңар дагы бул киши кары, эң жакшы окугандардын бири, балким эң алдыңкыларынан, ушул киши көп кабарын берет.
7. Бөлүм: Жалпы Азыркы учурда керемети бар адамдар барбы? Мисалы Пайгамбарыбыз, бир чыны сүттү көп адамга жеткирген. Пайгамбарыбыздын керемети деп айтпайт. Пайгамбарыбыздын кереметтерин муъжиза деп айтат. А инсандардан болгон нерсени кароомат деп айтабыз, андайлар бар, бирок бир чыны сүттү көп адамга жеткирип койгон, керемети барлар барбы, билбейбиз. Анан бир адам, менин кереметим бар, келгиле көргүлө деп жарыялабайт, туугандар. Кереметти ошол адам өзү билип-билбеген абалда Кудай Таалам ошол адамдын ыйманын бекемдеш үчүн, башкаларга үлгү кылыш үчүн бере турган маселе. Мына көрдүңбү, азыр кереметимди көрсөтүп берем десе эле, билип коё бер, бул ошол шайтан болуп кетти деген сөз.
8. Бөлүм: Жалпы Жахабалар айтышат экен, биз силердей эле бир Аллага ишенебиз. Бирок силерге окшоп намаз окуп жерге сыйынбайбыз деп. Алар эми Кудайдын каарына калган бир коом. Адашкан коом. Биз жерге сыйынбайбыз. Биз Аллах Таалага таазим этип, сеждеге жыгылабыз.
9. Бөлүм: Жалпы Сиздин жоопторуңузду окуп көп пайда алып жатабыз. Аялымдын боюнда бар. Жакшы дуба берип койсоңуз. Жеңил кылсын.
10. Бөлүм: Жалпы Хадисте бош турган үй үчүн да жооп берилээри айтылган. Ал кандай мааниде? Же байлардын үйлөрү жөнүндөбү? Керегинен ашыкчанын кереги жок деген маани чыгат. Ысырап болбосун деген омоктуу ой чыгат. Жеке эле үй эмес, ар бир ашыкча нерсе да кыяматта суралат. Мен да кээде кээ бир китептерим эки нуска болуп калса, анын бирин окуй ала тургандарга бергенге шашылам. Зекетин төлөп калбайын кокуй деп. Итке темирдин эмне кереги бар дегендей эле кеп.
11. Бөлүм: Жалпы Ассаламу алейкум, улутчулдук Исламда кандай? Улутчулдук дегенде улутун сүйгөн, улутун барктаган, нарктаган, улуттук каада салттарын сактап жүргөн бул башка маселе, улутту суйуу деген. Анан менин улутум башканын улутунан жогору деп ошону көтөргөн ал Исламга туура келбейт. Нацист деп коет, бул исламга туура келбейт, улутту сүйүү анан улутту башкалардан жогору коюу деген бул туура эмес маселе. 12. Бөлүм: Жалпы Ассаламу алейкум, Меккеден алынып келинген зам-зам суусун акыр Кыяматка чейин сактап ичсе болобу? Рахмат сизге. Ооба, Кыяматка чейин сактап ичсе болот. Өлүп кетесин, калганын калтырып кетесин, алар дагы сактап иче берет. Жүзгө чыгып иншаАллах.
13. Бөлүм: Жалпы Жоолукчан кыздарды көп жерде жумушка алышпайт. Кантип жумуш тапса болот? Ыйманды күчөтүш үчүн каякка кайрылса болот? 1 жылдык медреселер барбы? Араб тилин үйрөнүү ниетим бар. Муфтиятка кайрыл.
14. Бөлүм: Жалпы Менин 4 балам бар. Бир кызым оорукчан. Жолдошум 5 жыл мурун өтүп кеткен. Үйүм жок, квартирада жашайм. Майыптарга үй берилет дегенди угуп документ тапшыргам. Бирок 2 жылдан бери акчасы барларга берип келишет. Ушул адамдар Алладан жаза алышабы? Жол көрсөтүп бериңизчи, аябай кыйналдым. Үмүтсүз - шайтан. Үмүт үзбөңүз. Ар бир нерсенин жообу сөзсүз болот. Кудайым пендесин унутпайт. Намаз окуңуз. Сыноого майтарылбаңыз. Кыш канчалык каардуу болбосун, жаркыраган жаз келбей койбойт.
15. Бөлүм: Жалпы Дааватка кырк күнгө чыкканда бараар жерин айтып кетиш шариятка туура келеби? Же айтпай эле кете бериш керекпи? Бараар жерин айткан туура келет. Аркамдан жадатып издеп барып албасын деп айтпай кетсе керек. Болбосо кагаз жазылганда кайсы жерге экендиги даана жазылат эле. 16. Бөлүм: Жалпы “Эмнени айтаарың маанилүү эмес, кантип айтаарың чоң мааниге ээ” деген сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай, сиздин жоопторуңуз эң таасирдүү жана так жетет. Ушунуңуздан жазбаңыз. Аллах сизден ыраазы болсун! Кем болбоңуз. Оомааттуу болуңуз, Эки дүйнө ийгилик коштоп жүрсүн. Чындыгында эмнени айтаарыбыз да, кантип айтаарыбыз да чоң мааниге ээ. Кыяматта эки нерседен тең суралабыз. Кудайым адаштырбасын.
17. Бөлүм: Жалпы Меккеге баргандын кандай пайдасы бар? Окуганы барса мага окшоп окуп келет. Ажыга барса ажы болуп келет. Жүз миң намаз окугандын сообун алат бир эле намазы менен. Замзамды каалагандай ичет. Мен ошол жерде дээрлик он жылдай окугам. Аалымдарынан сабак алгам. бадарым үчөө ошол жерде туулушкан.
18. Бөлүм: Жалпы Бүгүнкү күндө маданияттын ката жери барбы? "Бүгүнкү күндө маданияттын туура жери барбы" деп суроо жакшыраак болот эле. Себеп дегенде туурасынан катасы көбүрөөк, катасы мына ушунда турат: аялдарыбыздын бардыгын кийимин жылаңачтап койду. Бул азыркы маданият. Азыркы маданият ушундай кылды: адамдарды ээн-баш кылып койду, демократия деген нерсени алып келип туруп, адамдарды бейбаш кылып, адамдар шарияттын чегинен чыгып кетти. Азыркы маданият ушундай болду: бардыгы акылына таянып, вахий менен келген, Куран менен келген сүннөт менен келген нерселерди жокко чыгарып алышты. Эркек-аялдын айрымасы жок болуп калды. Азыркы маданият ушундай болду: эркек өзүнүкүн кестирип салып катын болуп, катын өзүнүкүнө коштуруп алып, эркек болуп атат. Эркек эрге тийип, катын катынга эрге тийип, ушундай болуп жатат. Азыркы маданият ушундай болду: никеси жок өбүшүп жатат, никеси жок көчөдө басып жүрүп жатат. Азыркы маданият ушундай болду: бойлорунан алдырып жатышат. Эркек менен аял тең укуктуу деп аялдарды мазлум кылып, аялдарды зордук кылып, аялдарга зомбулук кылып, иштетип, эркектери бал аарынын эркегиндей болуп үйүндө жатат. Бул туура эмес, аял үйдө отуруш керек, аял бала-чаканы багыш керек, эркек көчөдө иштеш керек. Азыркы маданият деп аялдарды баары кетти Россияга, эркектер бул жакта тасбих тартып отурушат, мисалы үчүн. Бул маданият болбогон маданият.
19. Бөлүм: Жалпы Мен Кунут дубасын кагазга жазып алгам. Ошону карап окуйм. Боло береби? Биринчи турмушумдан бир кызым бар. Ура бергенден жашабай койгом. Мага талак берген эмес. 2009-жылы азыркы жолдошума турмушка чыккам. Жашообуз жакшы. Талак бербегени кандай болот? Кунут дубаңыз го жаттаганга чейин боло берет. Ал эми экинчи маселеңиз боюна тактабыраак суроо керек.. Кээде талак айтылбай да түшөт.
20. Бөлүм: Жалпы Атыр (туалетная вода) колдонсо болобу? Аларга спирт кошулган да же жалаң гана миск колдонуш керекпи? Жанагы биз колдонуп жаткан бул миск эмес, жөнөкөй эле сасыган нерселер. Миск аябай кымбат болот. Мен, Туркиядан барып, эң кембагал адам, кичинекей миск алат элем 80 долларга. Жоготуп коюп азыр өкүнүп жүрөм. Спирт кошулган атырларды колдонсо болот. Бул боюнча кенен айтканбыз. Фатва дагы бар. Мухтасардагы “аль хамр нажис” деген сөз жүзүм жана арактан жасалган винолорго айтылынат булар – нажис дагы, харам дагы. Спирт – булар харам бирок нажис эмес, аларды колдонгонго жарайт, фатва берип айтканбыз.
21. Бөлүм: Жалпы Кыяматты мусулмандар көрөбү? Мусулмандар калбай калат деп айтышат. Көрөт. Сиз айткан кыяматтын белгилеринин бири. Ошондой да доор өтөт.
22. Бөлүм: Жалпы Жашоонун маңызы ыктыяр тандоо укугу берилгендигинде турат дедиңиз. Мага анда ар дайым ыктыярымдагы эмес, жеңилүү, жолу жоктук укугу гана берилгенби же Алла Таала мени исламдан гана бактыңды табасың деп бактылуулук жолун көрсөтүп, сизден сурап түшүнбөгөн суроолорго жооп таптырып атабы дейм. Жашоо күрөш, жашоо тынымсыз аракет. Жашоо чоң талаадагы оюн сымал. Бирок эрежелери бар оюн. Эрежелери бар күрөш. Жеңилүүнүн акыйкаты эмнеде тураарын аңдообуз зарыл. Бай болгубуз келсе, базарга барып биринчи эле күнү банкрот болсок, ушуну жеңилүү деп эсептейбизби? Же конкурска катышып, байгелүү орунга илешпей калсак, ушул жеңилүүбү? Жок, берекем! Андай эмес. Конкурска катышуунун өзү жеңиш. Татыктуу адам болуп жашоонун өзү жеңиш. Карап көрүңүзчү, даават кылган адам канча адамды динге киргизип коюптур деп айтылбайт, кыяматта. Канча адамга даават айтыптыр деп айтылат. Себеби туура жолду таап, динге киргизүү Кудайымдын өзүнүн иши. Биз пенделер аракеттенүүгө гана буйрулганбыз. Анан да, адамдын бактысы мусулманчылыгында турат. Канчалык пайыз бактылуу болгондугу, анын канчалык пайыз мусулман болгондугунда, жашоосуна канча пайыз киргизгендигинде турат. Айныгыс чындык. Жагымдуу жагдайларда, жагымсыз абалдарда, пайдабызга, зыяныбызга карабай Исламды тутунсак, ошондо бактылуулуктун даамы, жан дүйнөнүн ырахаты эбедейиңизди эзилтет. Бакытка мас болуптур дегенди уккан белеңиз. Мына ошол жүз берет. Эгерде сиз туура жолдо кетип бара жатканыңызга ишеничтүү болсоңуз, эл эмне дейт дегенге маани бербеңиз. Ит үрө берет өзүнчө эле чоң философия. Үйүндө бир ууртам айраны жок уулунун аты Жууратбек деген жөн жеринен айтылып калган эмес. Жашооңуз сизге гана берилген. Ошол жашооңузду башкаларга берип койбоңуз. Анын ар бир мүнөтүнө жооп бересиз. Ар бир мүнөтү текке кетпесин. Пайдалууга жумшаңыз. Ар бир көз ирмемде Кудайдын сүйүктүү пендеси болуу, ал дегенибиз, татыктуу адам болуу демектир, жараным!