Обращение ко всему народу Кыргызстана. от народа Чон-Туза
«ЭЭСИ КЕЛСЕ БЭЭСИН БЕР» Уюткулуу Туз айылынын элин-жалпы элге жаманатты кылган шылуундар кимдер? Бул макаланы жазууга туртку болгон себеп, касиетту Туз айылынын элинин атын жаманын алып, Байтереков Курманбектин ак эмгеги мандай тери менен тапкан каражатына 2000-жылы курулган, ооруларды дарылоочу санаторийди басып алып, уч жылдан бери убайын оздору кана коруп жатышкан Туз элинен чыккан уч баскынчы баатыр Жунушов Бердибек, Букаров Канат менен Куронов Кудайбергендер жонундо жалпы Кочкор элине билдирип коёлу дедик. Бул баатырлар кимдер десенер: тубу туздук болгону менен буга чейин туз айылында эл менен бирге жашап, бирге болуп, бир куурай башын сындырбай эле, айылды эчак таштап алыс жакка женил жумуш издеп кетип кайра келген туйгундар деп билсенер болот. Айтсак: Куронов Кудайберген ушул кунго чейин Ысык-Колдо, Жунушов Бердибек Казакстандагы чолдо, ал эми Букаров Канат Нарындагы дондо бир катар жылдар бою жашап, арзан жол менен байуунун аракетинде ар кандай иштер менен алектенип журушуп, бирок ал жактан деле максаттары тоолук ишке ашпай кайра Туз айылына кайтып келгендиктери бизге белгилуу болгон менен, жалпы Кочкор эли бул баатырлар жонундо биле беришпесе керек. Ошондуктан бул баатырлар баянын жалпы элге кыскача тушундуруунун аракетинде ,болуу менен кийинки масалеге отсок. Жунушов Бердибек Казакстандан топтогон малдарын жоо-жаландап айдап келип, малдарын батыралбай карайлап турган кезде Бердибектин жакын тууганы (аталаш агасы) Усонов Карагул аксакал совхоздон озуно улушко тийген сарайына жайгаштырып койгондугун бут Туз эли билебиз. «Жакшылык кылган адамдын уйуно орт кой» деген создун калети жок белем. Ушул кезде Усонов Карагул аксакал менин менчик сарайымды Жунушов Бердибек иним качан озуно каттатып алганын билбеймин, ал сарайдын документи менде турса деп Бердибек менен соттошуп жаткан учуру. Жунушов Бердибек Казакстандан келип орун алып калгандан кийин, айлакерлик менен айылга башчы боло калып Туз элинин ортодогу 50 тонна будайын, оз кызыкчылыгына пайдаланып жиберип, элди сууга салып кеткен жери бар. Эми бул шылуунду биз соттко берели деген чечимге келдик. Ал эми Чолпон айылында куйучу май пункттун башчысы болуп иштеп турган Жумакадыров Шейшен деген аксакалдын айтуусу боюнча Жунушов Бердибек айыл башчы болуп турган кезде ал кишиден он сегиз тонна соляркасын карызга деп алып, акчасын ушул кунго чейин бербей жатат деп Бердибекти издеп Туз айылында дайыма журот.Бул маселе боюнча арызданып милиция, прокуратурага бир нече жолу барып бирок иштин жыйынтыгы ушул кунго чейин болбой жаткандыгын айтып зар какшайт. Бердибектин андан башка кылыктары дагы жетиштуу эле болду, дегинкиси шиши толду. Куронов Кудайберген деген баатыр Ысык-Колдо жон турбай ал жактан дагы кылмыш жазагандыгы учун учурда тергоодо болуп Чолпон-Атада абакта жатат. Бердибек менен Карагул аксакалдын сарай талашуу маселеси боюнча Кочкордо откон 2012-жылдын айындагы сот отурумунан чыккандан кийин Куронов Кудайберген, Карагул аксакалды катуу сабап салгандыгы учун Карагул аксакал К.Куронов Кочкор райондук сотуна берди. Эми К.Куронов зоокурлугу учун мыйзам чегинде оз жазасын алыш керек деп Карагул аксакал соттун акыйкат чечимин кутуп жаткан кези. Ал эми Букаров Канат болсо Бердибектин жетеги менен иштеген адам. Сен директорсун, мен бухгалтермин деп акчаны озу кана тейлейт. Кадыр барктуу жерлерге барарда, сый корордо Бердибек озу директор болуп алат. Бул айлакерлердин кылыктарына кыскача эле токтолдук. Эмики соз булардын баскынчы баатыр аталып калышына себеп болгон, Туздагы санаторий жонундо болмокчу. Элдин ишеничинен ажырап, айыл башчылыктан тушуп эми кайдан женил оокат тапсам деп Бердибек терен ойго батып жургон кезде Бердибектин коктон издегени жерден табылып , ондой берди болуп, олкобуздо болгон 2010-жылдын 7 апрелиндеги К.Бакиевдин режимин кулатуудагы революциянын шарданы менен эки досун чакыра калып, айылдагы оздоруно жакын саналаштары менен жаштарды угуттоп туруп санаторий менен шахтаны басып ээлеп алышып, уч жылдан бери башка эч кимди жолотпостон санаторий менен Туз шахтасынын убайын Б.Жунушов, К. Букаров, К. Куронов деген уч эле баскынчы баатырлардын коруп жатышы кимди дагы болсо кайдигер калтырбайт деген ойдобуз. Бул шылуундар уч жылдан бери шахтадагы тузду ой-кыры менен казып алышып , каалаган жерлерге сатып мамлекетке пайда келтирбестен акчаларды оз чонтокторуно салып келе жатышканы белгилуу эле иш болуп калды. Ал эми санаторийге тиешелуу мед.пункт, ашкана, жатакана, мончо, маданий жайлардын баардыгы 35 имараттын бут бойдон тонолуп, таланып, талкананып жок болушу эле бул уч баатырдын ким экендигин корсото турган далил десек болот ондонот.– Оорунун айынан жан айласы учун, чет мамлекеттен бери жылыга келип жургон оорулу адамдарды, эч кандай шарты жок эле менчик уйлорго, уй-ээлери менен кошо жаткырып коюшуп, бир оорулу адамдан кунуно 2000-3000 сомго чейин акчаны сыгып алып турушу эмне деген шумдук. Байкуш оорулу адам жан айласы учун, сыртка жатып калса дагы булар айткан акчаны берери бышык эмеспи. Оорулуларга шарт тузуп бербестен менчик уйлорго тыгып салышып онбогондой эсепсиз миллиондогон акчаларды оорулу адамдардан жыйнап алып турушу эле эмне деген уятсыздык.«Башы оорубагандын кудай менен иши жок» деген соз ушундай маселеден кийин айтылса керек. Оорунун айынан буга чейин бир нече ирет келип, баардык шарттары бар стандартту санаторийде дарыланып кетип жургон адамдардын бмр нечеси, биздин элге жолугуп суйлошору менен эле, эмне деген элсинер, санаторийди душман дагы мындай талкалабайт согуш мезгилинде дагы ооруканалар сакталып калган, силер жырткычтан дагы жаман эл турбайсынарбы, жок дегенде жатаканалар менен ашкананын эшик, терезелерин жулуп кетпесенер озубуз тошончу ала келип жатып, тамакты озубуз жазап ичип дарыланып кетпейт белек деген жуйоолу создорду уккандан кийин ал конок адамдарга ал санаторийди биз талкалган эмеспиз деп актанунун деле кажети жок болуп калат экен. Себеби: санаторийди Туз эли чогулуп барып талкалабаган кундо дагы санаторийди талкалагандардын башында биздин туздук уч баатырдын командасы менен биздин бала-бакыралар аралашып калып жатпайбы. Дарылануучулардан ушундай уулу создорду уккандан кийин, элибиз менен акылдашып туруп чогулуп алып шахтага барарда санаторийдин алгачкы оз ээси К.Байтерековти дагы чакыртып чогу суйлошолу деген чечимге келип, К.Байтерековти чакыртып келип чогулуш башталганда эле айлакер Бердибек соз алып суйлоп, шахта менен санаторийдин 50%ин биздин коомго бер мен «Кара-Туз» деген коомдук бирикме ачтым сага 50%и эле жетет, Курманбек десе болобу.К.Байтереков айтты, мейли Бердибектин сунушуна макул болойун, марадёрлук менен таланып кеткен мулкторумду дагы эл учун кечейин, марадёрлук боюнча козголгон ишти дагы токтоттурайын, оорулуларды дарылоочу аппаратты, ашканада тамак жасоочу плиталарды жана боз уйумду кайтарып бергиле, санаторийдин ичиндеги мулкторду алып кеткенден кийин, имараттарды талкалабай койсонор болбойт беле деген кейигин созун айтары менен эле уятыбыздан башыбызды жерге салып, уйлорубузду коздой жонодук . Себеби: «уят олумдон дагы катуу» эмеспи. Биз кеткенден кийин К.Байтереков менен Б. Жунушов экоо санаторий менен шахтаны чогуу иштетип пайдасын экиге болуу боюнча келишим тузушуп баштап, калганын эртен бутуролу деп Бердибектин сунушу боюнча тарап кетишиптир. Эртесинен баштап айлакер Бердибек келишим тузудон айнып, К.Байтерековдон качып жолобой коёт. Ошол куну эл чогулуп барганда элден коркконунан айлакер Бердибек биздин козубузчо келишим менен ишкананын 50%ин иштеткенге макулмун деп коюп, озу курган санаторийден бетер ишкананын жартысы бекер тийгенине алымсынбай эртеси эле келишим тузуудон баш тартып, кайра эле озу шахта туз менен санаторийди жалгыз башкарып иш жургузуп жатканын угуп, ушунча элди сууга салып кеткенине ыза болуп кайра чогулуп барып, Бердибекти жетекчилик кызматтан кеткин деп арызын жаздырдып, бугунтон баштап «Кара-Туз» коомуна иштебейм деген убадасын алып туруп, тарап кеткен болчубуз. Ошондон кийин директорлук милдетти К.Букаровко кайра берип озу бир топко шахтада корунбой калганынан, эми Бердибек даана коомдон кетти деп журсок ал карасак бизди кезектеги сценарий мененалдап коюп кайра ал жерге бухгалтер болуп алып бизге корунбомуш болуп, комускодо эле ишин жургузуп журуптур. Иши калып бул амалкой кыраан,биздин элди ой-кыры менен каалагандай калчап келе жатат. Мындай айлакер адамды Кочкор эмес башка жактан дагы издеп таппайсын. Ошондон кийин дагы, К. Букаров директор болуп турган мезгилде санаторийдин озунон тушкон пайдадан, санаторийди мумкунчулукко жараша ондоп-туздоп, дарылануучуларга ынгайлуу шарт тузуп койсонор болбойбу деп уч жыл ичинде бул шылуундарга бир нече жолу эскерттик. Бирок элдин сунуш пикирлерин артыралына жуккан бокчо корбой, ушу кезге чейин оз билгендерин жазап келе жатышат. Себеби: баш оорутбай кол жоорутпай бекер эле миллиондогон акчалар чонтокторуно шар тушуп жатса элди коздоруно илмек беле…. Анын устуно бул санаторий, илгери-кийиндир мыйзам ченемдуу алгачкы оз ээсине тиерин жондору менен сезишкен айлакер баатырлар, санаторийди эмнеге ондомок элек деген арам ойлору ачык эле билинип калды десек болот. Айылдагы ашар жолу менен курулуп жаткан мечитке жардам сурасак дагы бир сом бербей коюшту. Кудайдын уйунун курулушуна жардам бербеген ач коз пенделерге Кудайдын дагы жазасы тургандыр!Бул кыраандар уч жыл ичинде Туз айылындагы койгойлуу социалдык маселелерге жана жардамга муктаж жакыр жашаган адамдарга дагы бир сомдук жардам корсотушкон жок. Дегинкиси ушул кезде баскынчы баатырлырдын коздорун май басып, Кудайды дагы тааныбай турган кездери. «Адам бирди корордо козуно эчтеке корунбой калат дечу беле.» Бул шылуундардын жосунсуз жоруктарын тободон Кудай, айылдан эл коруп билип турса дагы ушул мезгилге чейин окмот тарбынан баскынчыларга тиешелуу чара корулбой жаткандыгы бизди онуктурот. Же бийлик ушунча эле алсыз болуп жатабы деген ойго келет экенсин. Б. Жунушов «Кара-Туз» деген коомдук бирикмени уюштурдумдеп Кочкор райондук Социалдык коргоо башкармачылыгынан каттодон откоргон менен, бул коомдон райондук Соц.фондго ушул кунго чейин бир дагы сом чегеруу болгон эмес. Ошондой эле коомдук бирикме тарабынан мамлекетке толонуучу ар кандай толомдордун калган турлору дагы эле ушундай абалда экендиги кимди дагы болсо кайдигер калтырбайт деген ойдобуз. Баскынчылык жол менен келип, эки жылдай иштеген аким Р. Сарыбаев бул айлакерлер менен табакташ болду дейли, ал эми азыркы акимибиз урматтуу Ж.Шералиев бул баскынчыларды мыйзасыз аракетерин коруп, билип туруп, жыл бою унчукпай келишине эмне себеп болууда деген, жуйоолу суроо туулбай койбойт. Б. Жунуншовдун мыйзамсыз иш аракеттери боюнча жеке ишкер К. Байтереков сотко кайрылганда, Нарын райондор аралык соту Туз шахтасы менен санаторийди К. Байтереков «Чон-Туз» жоопкерчилиги чектелген коомунун кармагында калтыртылсын деген чечими 2012-жылдын 5 сентябрында чыкса дагы ушул кунго чейин ал ишкананы Б. Жунушов олармандык менен откорбой жатышы эмне деген шумдук. Бул маселеге чекит кою максатында райондун акими баш болуп, райондук куч структураларынын жетекчилери бут бойдон, РОВДнын он алты офицери баскынчы айлакер К. Букаров жана Б. Жунушовдор менен ачык суйлошолу деп 2013-жылдын 19 февраль куну кундузгу саат 14:00до Туз шахтасына келишсе К. Букаров менен Б. Жунушовдор оздору качып чогулушка келбей, 22-30дай аял, бала-бакырына масс кылып, кыйкыртып окуртуп жалпы элге жана жетекчилерге каршы угуттоп коюшу эле мыйзамды одоно бузгандыкка жатат. Ошондуктан окмотко баш ийбей, соттун чечим аткарууда баш тартып жатышкан зоокурлорду мыйзам чегинде жоопко тартуу жагын сурайт элек.Озгочо биздин куйгонубуз Б. Жунушов Туз элин курал кылып алып, жалпы эл биз менен деп жогорку органдарга тынбай кат жонотуп, газеталарга макала жаздыртып, интернетке дагычыгарып жатышкандыктарын угуп, окуп ушу кезде бул зоокурлорго жалпы Туз элинин кыжыр кайнап турган чагы деп билиниздер. Жакында «Учур» газетасынын21.02.2013 №58(224) санына К. Байтереков Туз шахтасын талашып Туз айылынын тургундары менен уч жылдан бери соттошуп жатат деген макаланы журналист Бекбол Айдаровко жаздырышыптыр. Бул эмне деген уятсыздык, Туз шахтасы менен санаторийге элдин кандай тиешеси бар деген суроотуулат. Туз шахтасы болсо мамлекеттин байлыгы катары мамлекеттин карамагында турат, ал шахстыны К. Байтереков 25-жылдык моонот менен арендага алып иштетип келуудо. Ал эми санаторийди 1,4 жерге мамлекеттен документ алып жана ал жерде жашаган 5 кишинин тамынын ордун 1999-жылы сатып алып туруп ошол жерге санаторийди курган. Ошондуктан К. Байтерековдун туздон-туз менчиги болуп эсептелмекчи. Эми биз Б. Жунушов менен газетанын кабарчысы Бекбол Айдаровду жалпы элдин аты сатып, обройубузга шек келтиргендиги учун сотко бермекчибиз.Булар Туз элинен айлансын! Туз элинин бироо дагы буларга кошулбайт. Туз эли К. Букаров менен Б. Жунушовтун баскынчы коомуна мучо болуп кирген эмес, кирбейт дагы! Булардын коомунда шахтанын тубундо жашаган он тутундун жыйырма бешке чукул эли бар. Ооба биздин айылдын ичинде беш-он бала алар берген акчага кызыгып ары-бери чуркап журушкону чындык. Эми алардын опкосун озубуз эле узуп койгонго жарайбыз. К. Букаров мененБ. Жунушовтун баш болгон 25дей адам бут Туз элине каршы туруп берт десе ким ишенет. Эми бул баскынчыларды толугу менен буркуп, сай-сайлатып жибергенге даана убакыт келди деп айтар элек. Себеби: ар бир адам оз амалына жараша, кудай алдында жанан окмот алдында дагы жазасын алууга тийиш. Эми бул жек кордулорду сот аткаруучусу жок эле шахтадан озубуз эле кууп чыгууга духубуз жетет! Эми булар менен жалпы элибиз оздору эсептеше турган мезгил эми келди деп ойлойбуз. Туз шахтасы менен санаторийди жеке ишкер К. Байтерековтун «Чон-Туз жоопкерчилиги чектелген коомуна» откорулуп берууго жатат деген Нарын райондор аралык сотунун акыйкат чечимин жалпы Туз эли толугу менен колдойт деп билиниздер. Уюткулуу Туз элин жалпы олкобуздун элине жаманатты кылып жатышкан уч баскынчыга кыжырлануу менен ушул макаланы жазып олтурабыз.